Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу
«Ким Куранды ачык ашкере окуса, анда ал садаканы ашкере берген сыяктуу болот. Ал эми Куранды ичинен окуса, анда ал садаканы жашырып берген сыяктуу болот».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل أعمال القلوب، آداب تلاوة القرآن الكريم، صدقة التطوعموضوعات الحديثتلاوة القرآن، صدقة التطوع، الإخلاص
«Куран жаттаган адамга мындай деп айтылат: «Куран оку жана көтөрүл. Аны дүйнөдө окугандай кылып кырааты менен оку. Чындыгында, сенин даражаң акыркы окуган аятыңа жараша болот».
Хасан (жакшы) Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ахмад да жазып калтырган.
التصنيف الشرعيوصف القرآن وفضائله، آداب تلاوة القرآن الكريم، صفات الجنة والنارموضوعات الحديثتلاوة القرآن، القرآن وعلومه، الإيمان باليوم الآخر
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитте этикафта отурган. Бирөөлөр үнүн көтөрүп кыраат кылып жатканын угуп, көшөгөнү ачып: «Билип алгыла! Чынында, ар бириңер Раббиңерге кайрылып жатасыңар. Ошондуктан бири-бириңерге тоскоол болбогула жана кыраатта бири-бириңерден үнүңөрдү көтөрбөгүлө», - деди, же: «намазда» - деп айтты.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд жазып калтырган.
التصنيف الشرعيآداب تلاوة القرآن الكريم