Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 12

Чыпкаларды алып салуу

Риваят кылынган булак

«Фитна (башаламандык) учурундагы ибадат — Мага хижрат кылып келгендей соопко ээ».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل الأعمال الصالحة
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кызматчысы Савбанга жолугуп: Анын себеби менен Аллах мени бейишке киргизе турган амалды айтчы? - деп айттым. Же Аллахка эң сүйкүмдүү амалды айтчы деп сурадым окшойт. Ал унчукпай койду. Мен дагы сурадым. Ал бул жолу да унчукпады. Үчүнчү жолу сураганымда, ал: Бул амал тууралуу Аллахтын элчисинен мен да сураганмын. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: "Аллах Таалага көп сажда кылгын. Сажда кылганың сайын сенин даражаңды көтөрүп, катаңды өчүрөт". Маъдан айтат: Кийин Абу Дардага жолугуп, андан да ошол эле суроону сурадым. Ал мага Саубан айткандай эле жооп берди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل الأعمال الصالحة، وجوب الصلاة وفضلها وحكم تاركها، صلاة التطوعموضوعات الحديثمكانة الصلاة وفضلها، صلاة التطوع
"Үстү-башы чаң-тозон, эшиктерден куулуп киргизилбеген катардагы бир адам болушу мүмкүн, бирок ал Аллахтын аты менен ант ичсе, Аллах анын антын сөзсүз орундатат."
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل الأعمال الصالحة
«Эч бир жакшылыкты кем санаба, эгерде мусулман бир тууганыңа жолуксаң ага жылмаюу менен жүз көрүшүп болсо да (жакшылык кыл)».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل الأعمال الصالحة، الأخلاق الحميدةموضوعات الحديثحسن الخلق، الإحسان إلى الخلقمحاور التعريف بالإسلاممحاسن الأخلاق