Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 4

Чыпкаларды алып салуу
«Ким Куранды ачык ашкере окуса, анда ал садаканы ашкере берген сыяктуу болот. Ал эми Куранды ичинен окуса, анда ал садаканы жашырып берген сыяктуу болот».
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи жана ан-Насааи жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل أعمال القلوب، آداب تلاوة القرآن الكريم، صدقة التطوعموضوعات الحديثتلاوة القرآن، صدقة التطوع، الإخلاص
Мага эки киши минтип айтты: Коштошуу ажылыгында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) садага бөлүштүрүп жаткан учурда ал экөө ага келип, андан бир нерсе берүүнү сурашат. Ошондо ал тиги экөөн баштан-аяк карап чыгып, күч-кубаты бар экенин көрдү да: «Кааласаңар силерге берейин, бирок анда байдын да, иштеп табууга күчү жеткен адамдын да үлүшү жок», - дейт.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд жана ан-Насаи риваят кылган
التصنيف الشرعيمصارف الزكاة
О, Аллахтын элчиси, Сааддын энеси кайтыш болду. Ал үчүн кандай садака кылсам жакшы? - дейт. Аллахтын элчиси: "Суу" - дейт. Кийин Саад кудук казып, суу чыгарып: "Бул Сааддын энеси үчүн (садака)" - деди.
Бардык риваяттарынын жыйынтыгы менен хасан даражасына жеткен. Абу Дауд, ан-Насааи жана Ибн Маажа риваят кылган
التصنيف الشرعيالوقف، صدقة التطوع
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны Йеменге жөнөткөндө, ага уйлардан: ар бир отуз баштан бир табиъ же табиъаны (бир жашар эркек же ургаачы торпокту), ар бир кырк баштан бир мусиннаны (эки жашар кунаажын же букачар), ал эми ар бир балакат жаш курагына жеткен адамдан бир динар же ага барабар маафирди (Йеменде жасалуучу кийимди) алууну буйруду.
Сахих бишаваахидихи (башка ишенимдүү айтымдары бар хадис). Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад риваят кылган
التصنيف الشرعيزكاة بهيمة الأنعام