Эгер кааласаңар экөөңөргө берейин, бирок мында бай кишиге да, иштеп таба алган күч-кубаттуу адамга да үлүш жок.
- التصنيف الشرعي
- الفقهالزكاةمصارف الزكاة
Убайдуллах бин Адий бин Ал-Хияр айтат:
Мага эки киши минтип айтты: Коштошуу ажылыгында пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) садага бөлүштүрүп жаткан учурда ал экөө ага келип, андан бир нерсе берүүнү сурашат. Ошондо ал тиги экөөн баштан-аяк карап чыгып, күч-кубаты бар экенин көрдү да: «Кааласаңар силерге берейин, бирок анда байдын да, иштеп табууга күчү жеткен адамдын да үлүшү жок», - дейт.
أَخْبَرَنِي رَجُلَانِ أَنَّهُمَا أَتَيَا النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ فِي حَجَّةِ الوَدَاعِ وَهُوَ يُقَسِّمُ الصَّدَقَةَ، فَسَأَلَاهُ مِنْهَا، فَرَفَّعَ فِينَا البَصَرَ وَخَفَّضَهُ، فَرَآنَا جَلْدَيْنِ، فَقَالَ: «إِنَّ شِئْتُمَا أَعْطَيْتُكُمَا، وَلَا حَظَّ فِيهَا لِغَنِيٍّ، وَلَا لِقَوِيٍّ مُكْتَسِبٍ».
Коштошуу ажылыгында пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) садага бөлүштүрүп жаткан кезде ага эки адам келип, андан бир нерсе берүүсүн суранышты. Ошондо пайгамбар (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алардын абалын жана аларга садага адал болобу же жокпу билиш үчүн аларга кайра-кайра карады. Ал экөөнүн күч-кубаттуу кишилер экенин көрүп: «Эгер кааласаңар силерге садагадан берейин, бирок мында өзүнө жеткидей байлыгы бар адамга жана иштеп байлык табууга кудурети жеткен адамга үлүш жок. Эгерде анын бай киши деп эсептелгидей байлыгы жок болсо да» - деди.
Бай же иштеп табууга күч-кудурети жеткен адамдын кайыр суроосу арам.
Мал-мүлкү бар экени билинбеген адам, негизинен, кедей жана садагага татыктуу деп эсептелет.
Күч-кубаттын эле болушу садага алууга татыктуу эмес экендигин билдирбейт, ага иштеп табуу мүмкүнчүлүгү да кошулушу зарыл.
Өзүнө жетиштүү нерсени иштеп табууга күчү жеткен кишинин парз кылынган садагадан (зекеттен) алуусуна уруксат эмес; анткени бай адам мал-мүлкү себептүү муктаж болбогону сыяктуу эле, ал да иштеп табуусу себептүү (садагага) муктаж эмес.
Мусулмандарды садага алууга, тиленүүгө жана жалкоолукка эмес, намыстуулукка жана башкаларга берүүгө тарбиялаган пайгамбарыбыздын улуу тарбиясы.
Сунан Абу Дауд (3/ 75) (1633).
Сунан ан-Насааи (5/ 99) (2598).
Сунан Абу Дауд (3/ 75) (1633).
Сунан ан-Насааи (5/ 99) (2598).
Дагы (4)
ذخيرة العقبى في شرح المجتبى (23/ 210).
شرح أبي داود للعيني (6/ 374).
ذخيرة العقبى في شرح المجتبى (23/ 210).
شرح أبي داود للعيني (6/ 374).