Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 6

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

Риваят кылынган булак

«Алтынды алтынга, күмүштү күмүшкө, буудайды буудайга, арпаны арпага, курманы курмага, тузду тузга - окшошко-окшош, теңме-тең, колмо-кол алмаштыргыла. Эгер бул түрлөр ар башка болсо, бирок колмо-кол болсо, каалаганыңардай соода кыла бергиле».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالربا
«Назиринин каффараты – анттын каффаратындай»
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالأيمان والنذور
“Адам өлгөндө, анын иш-аракеттери бүт токтойт. Бирок үч ишинин гана сообу токтобой улана берет. Алар: эл пайдасын көргөн, сообу үзүлбөгөн садакалары; бирөөлөргө үйрөтүп кеткен пайдалуу илим-билими; артынан дуба кылган ыймандуу баласы”
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالوقف، فضل الدعاء، الأعمال الصالحة عن الميت
«Ким жалган ант ичип, бир мусулмандын акысын тартып алса, Аллах ага тозокту милдеттүү кылат жана бейишти арам кылат». Ошондо бир адам: "Оо, Аллахтын Элчиси! Эгер ал кичинекей эле нерсе болсо дагыбы?" – деп сурады. Пайгамбарыбыз: "Эгер ал мисвак жыгачынын бир бутагы болсо дагы", – деп жооп берди».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالغصب
"Эй, Абу Зар! Шорпо бышырсаң, суусун көбөйтүп, кошуналарыңдан кабар ал."
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالصلح وأحكام الجوار
«Кимди Аллахтын кыямат күнүндөгү кыйынчылыктардан куткаруусу сүйүнтсө, анда карызын төлөй албай жаткан кыйналган адамга жеңилдик берсин, же карызын (баарын же бир бөлүгүн) кечип салсын».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالقرض