Skip to content
816 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

816 карточканын 12

Чыпкаларды алып салуу

Риваят кылынган булак

«Куран окугула, анткени ал Кыямат күнү өз ээлерине шапаатчы болуп келет. Эки нурдуу: Бакара жана Аали Имран сүрөлөрүн окугула, анткени ал экөө Кыямат күнү эки булут сыяктуу, же эки көлөкө сыяктуу, же катар-катар тизилген куштардын эки тобу сыяктуу келип, аны окуган адамдарды коргошот. Бакара сүрөсүн окугула, анткени аны алуу – береке, ал эми таштоо – өкүнүч, жана ага сыйкырчылардын күчү жетпейт».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل السور والآيات
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбарынын жанында отурган элем. Бир киши: "Исламды кабыл алгандан кийин ажыларды суу менен камсыз кылуудан башка эч бир иш-амал кылбасам да, кабатыр болбойм", - деди. Экинчиси: "Исламды кабыл алгандан кийин "Харам мечитин" оңдоодон башка эч бир иш-амал кылбасам да, кабатыр болбойм", - деди. Дагы бирөөсү: "Аллах жолунда жихад кылуу - силер айткан нерселерден абзел", - деди. Ошондо Умар аларды жекирип: "Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минбарынын жанында үнүңөрдү көтөрбөгүлө. Анын үстүнө бүгүн жума күнү. Жума намазын окугандан кийин ага кирип, силер талашып жаткан нерселердин өкүмүн сурайм", - деди. Ошондон кийин Аллах Таала: «Эмне, силер ажыларды суу менен камсыз кылууну жана "Харам мечитин" оңдоону Аллахка жана Акырет күнүнө ишенгендерге теңеп жатасыңарбы...» - деген аятты аягына чейин түшүрдү (Тообо, 19-аят).
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيأسباب النزول
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Худайбияда курмандык малын союп, Мединага кайтып келе жатканда, сахабалар кайгыга жана капалыкка батып турган кезде Аллах Тааланын: «(Оо, Мухаммад), Чынында, Биз сага анык жеңиш бердик. дегенден баштап, «чоң жеңиш», (Фатх сүрөсү, 1-5-аяттар) - деген сөзүнө чейинки аяттар түшкөндө, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: "Чынында, мага бир аят түшүрүлдү, ал мага бүткүл дүйнөдөн да сүйүктүүрөөк."
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيالتفسير، وصف القرآن وفضائله
«Мага ушундай аяттар түшүрүлдү, буга чейин аларга окшошу эч көрүлгөн эмес, (алар) муавизатайн (коргонуу сурала турган эки сүрөө)».
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
التصنيف الشرعيفضائل السور والآيات