О Аллах! Мен да инсанмын. Мен кайсы бир мусулман кишинин көңүлүн иренжиткен болсом, же ага наалат айткан болсом, же ага балак урууга буйруган болсом, муну ал үчүн тазалануу жана ырайымга айландыр!
- التصنيف الشرعي
- السيرة النبويةالشمائل المحمديةالصفات الخُلُقية
Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«О Аллахым! Мен деле инсанмын. Мусулмандардын ичинен кайсы бир адамды сөккөн болсом, же наалат айткан болсом, же балак алууга бууйруган болсом, аны ал үчүн тазаруу жана ырайым кыл».
«اللهُمَّ إِنَّمَا أَنَا بَشَرٌ، فَأَيُّمَا رَجُلٍ مِنَ المُسْلِمِينَ سَبَبْتُهُ أَوْ لَعَنْتُهُ أَوْ جَلَدْتُهُ فَاجْعَلْهَا لَهُ زَكَاةً وَرَحْمَةً».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дуба кылып, мындай деди: «О Аллах! Чынында, мен адаммын. Адамдар ачуулангандай эле мен да ачууланам. Кайсы бир момунга азар берген болсом, же аны сөккөн жана тилдеген болсом, же каргап, Сенин ырайымыңдан куулушун тилеп дуба кылган болсом, же камчылаган жана урган болсом, анда ошону ал үчүн тазалануу, (Сага) жакындоо, күнөөсүнөн арылуу, каффарат жана Сен ага ырайым кыла турган мээрим кыл».
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) улуу кулк-мүнөзү.
Ибн Хажар минтип айткан: Бул хадисте пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өз үммөтүнө болгон мээримдүүлүгү, кулк-мүнөзүнүн асылдыгы жана затынын айкөлдүгү баяндалган, анткени ал өзүнөн кеткен нерсеге көңүлүн табуу жана урмат-сый көрсөтүү менен жооп берүүнү максат кылган.
Ан-Навави минтип айткан: Эгерде: "Тескери дуба кылууга (каргышка) ылайыктуу болбогон адамга пайгамбар кантип каршы дуба кылат, кантип тилдейт, жана каргыш айтат ж.б.?" деп сурашса, буга аалымдар берген жооптун кыскача мааниси эки түрдүү: Биринчиси: Аллах Тааланын алдында, б.а. иштин ички маңызында ал адам буга ылайыктуу эмес болгону менен, сырткы көрүнүшүндө буга татыктуу болуп калат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шарият белгилерине таянып, сырткы көрүнүшүнө карап анын буга татыктуу экенин көрөт, бирок иштин ички маңызында ал ага ылайыктуу эмес болот. Ал эми Пайгамбарыбыз сырткы көрүнүшүнө карап өкүм чыгарууга буйрулган, ал эми ички сырларды Аллах Өзү башкарат. Экинчиси: Пайгамбар тарабынан айтылган тилдөө, каршы дуба кылуу жана ушул сыяктуу сөздөр атайылап айтылган эмес. Тескерисинче, бул арабдардын сөздү улоо максатында эч кандай ниети жок эле айтып жүргөн адатынан улам болгон. Мисалы: "оң колуң топуракка баткыр", "акылыңан тайгыр", ушул хадистеги: "(Аллах) жашыңды узартпасын" жана Муавиянын хадисиндеги: "Аллах кардыңды тойгузбасын" деген ж.б. ушул сыяктуу сөздөр ушуга кирет. Алар бул сөздөрдүн биринде да чыныгы дуба кылууну максат кылышпайт. Ошондуктан Пайгамбарыбыз ушул сөздөрдүн бири кабыл болуп калышынан коркуп, Раббисинен ал сөздөрдү ошол адам үчүн ырайым, каффарат, (Аллахка) жакындык, тазаруу жана сооп кылып берүүсүн сурап дуба кылган. Мындай нерселер андан өтө сейрек учурларда гана чыккан. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) орой, уят сөздөрдү сүйлөөчу да, каргыш айтуучу да, өзү үчүн өч алуучу да болгон эмес.
Сахих ал-Бухари (8/ 77) (6361).
Сахих Муслим (4/ 2007) (2601).
Сахих ал-Бухари (8/ 77) (6361).
Сахих Муслим (4/ 2007) (2601).
Дагы (4)
عمدة القاري شرح صحيح البخاري (22/ 310).
إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (9/ 207).
عمدة القاري شرح صحيح البخاري (22/ 310).
إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (9/ 207).