Skip to content

Аллах мени менен жиберген туура жол жана илимдин мисалы — жерге жааган мол жамгыр сыяктуу.

Абу Муса Ашари (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

«Аллах мени менен жиберген туура жол жана илимдин мисалы — жерге жааган мол жамгыр сыяктуу. Ал жердин бир бөлүгү таза эле, сууну өзүнө сиңирип алып, көптөгөн өсүмдүктөрдү жана чөптөрдү өстүрдү. Ал эми дагы бир бөлүгү кургак (катуу) жер эле, сууну өзүнө кармап калды. Аллах ал суу менен адамдарга пайда берди: андан ичишти, сугарышты жана эгин эгишти. Жамгыр жердин дагы бир башка бөлүгүнө жаады, ал болсо суу токтобогон түз жер эле: сууну да кармаган жок, чөп да өстүрбөдү. ​Мына ушул — Аллахтын динин түшүнүп, Аллах мени менен жиберген нерселерден пайда алган, өзү да үйрөнүп, башкаларга да үйрөткөн адамдын мисалы. Жана ошондой эле (акыркы жер сыяктуу) ага башын да көтөрүп койбогон жана мени менен жиберилген Аллахтын туура жолун кабыл кылбаган адамдын мисалы».

«مَثَلُ مَا بَعَثَنِي اللَّهُ بِهِ مِنَ الهُدَى وَالعِلْمِ كَمَثَلِ الغَيْثِ الكَثِيرِ أَصَابَ أَرْضًا، فَكَانَ مِنْهَا نَقِيَّةٌ، قَبِلَتِ المَاءَ، فَأَنْبَتَتِ الكَلَأَ وَالعُشْبَ الكَثِيرَ، وَكَانَتْ مِنْهَا أَجَادِبُ، أَمْسَكَتِ المَاءَ، فَنَفَعَ اللَّهُ بِهَا النَّاسَ، فَشَرِبُوا وَسَقَوْا وَزَرَعُوا، وَأَصَابَتْ مِنْهَا طَائِفَةً أُخْرَى، إِنَّمَا هِيَ قِيعَانٌ لاَ تُمْسِكُ مَاءً وَلاَ تُنْبِتُ كَلَأً، فَذَلِكَ مَثَلُ مَنْ فَقُهَ فِي دِينِ اللَّهِ وَنَفَعَهُ مَا بَعَثَنِي اللَّهُ بِهِ، فَعَلِمَ وَعَلَّمَ، وَمَثَلُ مَنْ لَمْ يَرْفَعْ بِذَلِكَ رَأْسًا، وَلَمْ يَقْبَلْ هُدَى اللَّهِ الَّذِي أُرْسِلْتُ بِهِ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзү алып келген туура багыттан, максатка жеткирүүчү жолдон жана шарият илиминен пайда алган адамдарды таң калуу менен көп жааган жамгыр алдындагы жерге окшоткон. Ал жер үч түргө бөлүнөт: Биринчиси: таза жана жакшы жер. Ал жамгыр суусун кабыл алып, жашыл жана кургак өсүмдүктөрдү көп өстүрөт да, адамдар андан пайдаланышат. Экинчиси: сууну өзүнө кармап турган, бирок эч кандай өсүмдүк өстүрбөгөн жер. Ал жер сууну адамдар андан пайдаланышы үчүн сактап берет; адамдар андан ичишет жана мал-жандыктарын, эгиндерин сугарышат. Үчүнчүсү: Суу токтобогон жана эгин өспөгөн тегиз, такыр (сыйдаң) жер. Ал суудан өзүнө да пайда көрбөдү, андан адамдар да пайда албады. Ошондой эле, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен жиберилген илимди жана туура жолду уккандар да ушундай. Биринчиси: Аллахтын дининде илимдүү болгон, илимине амал кылган жана башкаларга үйрөткөн аалым адам. Ал — сууну өзүнө сиңирип пайда алган жана өсүмдүк өстүрүп башкаларга да пайдасын тийгизген жакшы жер сыяктуу. Экинчиси: илимди жаттаган, бирок терең түшүнүгү жана өкүм чыгаруу жөндөмү жок адам. Ал илим чогултуучу жана бүт убактысын ошого жумшайт, бирок нафил амалдарын аткарбайт, же чогулткан илимин терең түшүнбөйт. Ал башкалар үчүн курал (каражат) сыяктуу. Ал суу топтолуп, андан адамдар пайдалана турган жер сыяктуу. Үчүнчүсү: илимди угуп, бирок аны жаттабаган, ага амал кылбаган жана башкаларга жеткирбеген адам. Ал — эч кандай өсүмдүк өспөгөн, сууну кабыл албаган же сууну башкалар үчүн жараксыз кылып салган шордуу же такыр жер сыяктуу.

Хадистин пайдалары

Илим алуунун жана аны үйрөтүүнүн артыкчылыгын түшүндүрүү жана алардан жүз үйрүүдөн эскертүү.

Адамдарга маани түшүнүктүү болуусу үчүн мисалдарды келтирүү.

Куртуби айткан: Жамгыр өлүк жерди тирилткен сыяктуу эле, дин илимдери да өлүк жүрөктү тирилтет. Андан соң ал аны уккан адамдарды жамгыр жааган ар түрдүү жерлерге окшоштурган.

Адамдар шарият илимин алууда ар кандай даражаларда болушат.

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 27) (79).

Сахих Муслим (4/ 1787) (2282).

Сахих ал-Бухари (1/ 27) (79).

Сахих Муслим (4/ 1787) (2282).

Дагы (12)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 464).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (2/ 294).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 950).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 464).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (2/ 294).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 950).