Менин дүйнө менен эмне ишим бар? Мен дүйнөдө болгону бир дарактын астында көлөкөлөнүп, анан аны калтырып жолун улаган жолоочу сыяктуумун.
Абдуллах ибн Масуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чий төшөктүн үстүндө уктап, анын капталына чийдин изи түшүп калды. Биз: "Оо, Аллахтын элчиси, сизге бир жумшак төшөк даярдап берейлиби?" - дедик. Ошондо ал мындай деди:
«Менин дүйнө менен эмне ишим бар? Мен дүйнөдө болгону бир дарактын астында көлөкөлөнүп, анан аны калтырып жолун улаган жолоочу сыяктуумун».
«مَا لِي وَلِلدُّنْيَا، مَا أَنَا فِي الدُّنْيَا إِلاَّ كَرَاكِبٍ اسْتَظَلَّ تَحْتَ شَجَرَةٍ ثُمَّ رَاحَ وَتَرَكَهَا».
Абдуллах ибн Масуд (Аллах андан ыраазы болсун) эскерет: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кээ бир өсүмдүктөрдөн токулган кичинекей төшөнчүнүн үстүндө уктады. Анан ордунан турганда чий анын капталынын терисине из калтырган эле. Ошондо биз мындай дедик: Оо, Аллахтын элчиси! Бул катуу чийге жатканыңызга караганда, сизге жумшак төшөк даярдап берсек жакшыраак болот эле. Анда Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: Ага берилгидей менин дүйнөгө болгон сүйүүм жана жакындыгым жок. Менин бул дүйнөдө калуумдун мисалы – дарактын алдында көлөкөлөп, андан соң аны таштап кеткен жолоочу сыяктуу.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөгө берилип кетпегендиги жана андан жүз бургандыгын баяндоо.
Хадис дүйнөнүн зарыл нерселеринен баш тартууга үндөбөйт. Болгону, акыретти калтырып, дүйнө менен алек болуудан кайтарат. Анткени, адам көздөгөн жерине жетүү үчүн дарактын көлөкөсүндө эс алып, андан пайдаланат, бирок ага биротоло байланып калбайт.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) абалынан үлгү алуу. Анткени ал – жакшы өрнөк. Чындыгында ким анын изин ээрчисе, туура жолду табат жана дүйнө жана акыретте ийгиликке жетет.
Сахабалардын (Аллах алардан ыраазы болсун) Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өтө камкор болушкандыктары жана аны абдан жакшы көрүшкөндүктөрү.
Дааватта жана таалим берүүдө мисал келтирүү шариятта каралган.
Сунан ат-Тирмизи (4/ 166) (2377).
Сунан Ибн Маажа (5/ 229) (4109).
Сунан ат-Тирмизи (4/ 166) (2377).
Сунан Ибн Маажа (5/ 229) (4109).
Дагы (8)
النهاية في غريب الحديث والأثر (979).
فيض القدير (5/ 464).
تطريز رياض الصالحين (ص: 326).
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (34/ 663).
النهاية في غريب الحديث والأثر (979).
فيض القدير (5/ 464).
تطريز رياض الصالحين (ص: 326).
البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (34/ 663).