Чындыгында, Аллах мага: "Бирөө бирөөгө мактанбашы жана бирөө бирөөгө зулум кылбашы үчүн бири-бириңерге кичипейил болгула!" — деп вахий кылды.
Бану Мужашиъ уруусунан болгон Ийад ибн Химар (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылып айтат: Бир күнү Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туруп, бизге кутпа кылып, мындай деди: ... деп хадисти баяндады, анда мындай деп айтылат:
«Чындыгында, Аллах мага: "Бирөө бирөөгө мактанбашы жана бирөө бирөөгө зулум кылбашы үчүн бири-бириңерге кичипейил болгула!" — деп вахий кылды».
«وَإِنَّ اللهَ أَوْحَى إِلَيَّ أَنْ تَوَاضَعُوا حَتَّى لَا يَفْخَرَ أَحَدٌ عَلَى أَحَدٍ، وَلَا يَبْغِي أَحَدٌ عَلَى أَحَدٍ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынын арасында тик туруп кутпа айтып жатып мындай деген: Чындыгында, Аллах ага: Адамдар өз ара кичипейил болушсун! Бул болсо адамдарга кичипейилдик көрсөтүү жана жумшак мамиле кылуу менен ишке ашат, деги эле бирөө ата-теги, байлыгы же башка нерселери менен улуусунуп, текеберленип жана атак-даңкты талашып бирөө бирөөгө мактанбасын! Ошондой эле бирөө бирөөгө зулум кылбасын жана чектен чыкпасын! – деп вахий кылды.
Хадисте кичипейил болууга, адамдарга текеберленбөөгө жана бой көтөрбөөгө үндөө бар.
Зулумдукка жана мактанууга тыюу салынган.
Аллах үчүн кичипейил болуунун эки мааниси бар: Биринчи мааниси: Аллахтын динине кичипейил болуу. Бул — динден өзүңдү жогору койбой, анын өкүмдөрүн аткаруудан текеберленбөө. Экинчи мааниси: Аллахтын кулдарына Аллахтын ыраазычылыгы үчүн кичипейил болуу. Бул — алардан корккондуктан же алардын колундагы нерседен үмүт кылгандыктан эмес, соопту Жаратуучу Аллахтан гана күтүп, кичипейилдик кылуу.
Сахих Муслим (4/ 2198) (2865).
Сахих Муслим (4/ 2198) (2865).
Дагы (16)
توضيح الأحكام من بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (7/ 497).
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (10/ 344).
فتح ذي الجلال والإكرام.
لابن عثيمين (6/ 436).
سبل السلام بشرح بلوغ المرام.
لمحمد الصنعاني (2/ 691).
توضيح الأحكام من بلوغ المرام.
لعبد الله البسام (7/ 497).
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (10/ 344).
فتح ذي الجلال والإكرام.
لابن عثيمين (6/ 436).
سبل السلام بشرح بلوغ المرام.
لمحمد الصنعاني (2/ 691).