Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) саждада турганда мындай деп айтчу эле: «Аллаахумма-гфир лии занбии куллаху, диккаху уа жиллаху, уа аввалаху уа аахираху, уа 'алааниятаху ва сирраху». Мунун мааниси: Оо, Аллахым! Менин бардык күнөөлөрүмдү: кичинесин да, чоңун да, оболкусун да, кийинкисин да, ашкересин да, көмүскөсүн да кечире көр!
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) мындай дейт:
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) саждада турганда мындай деп айтчу эле: «Аллаахумма-гфир лии занбии куллаху, диккаху уа жиллаху, уа аввалаху уа аахираху, уа 'алааниятаху ва сирраху». Мунун мааниси: Оо, Аллахым! Менин бардык күнөөлөрүмдү: кичинесин да, чоңун да, оболкусун да, кийинкисин да, ашкересин да, көмүскөсүн да кечире көр!
أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يَقُولُ فِي سُجُودِهِ: «اللهُمَّ اغْفِرْ لِي ذَنْبِي كُلَّهُ دِقَّهُ، وَجِلَّهُ، وَأَوَّلَهُ وَآخِرَهُ وَعَلَانِيَتَهُ وَسِرَّهُ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) саждада дуба кылып минтип айтчу: «Аллаахумма-гфир лии занбии» (Оо, Аллахым! Күнөөлөрүмдү кечир!) — аны жашырууң жана анын кесепетинен мени сактооң менен; анткени Сен кечиресиң, өткөрүп жибересиң жана кечиримдүүсүң. «Куллаху» (бүт баарын), тагыраагы: «диккаху» (кичинесин) — кичине жана аз болгонун; «уа джиллаху» (чоңун) — чоң жана көп болгонун; «уа аввалаху» (алгачкысын) — эң биринчи күнөөнү; «уа аахираху» (акыркысын) жана ушул экөөнүн ортосундагыларды; «уа 'алааниятаху уа сирраху» (ачык жана жашыруун жасалганын) — Сенден башка эч ким билбеген күнөөлөрдү кечире көр, Сен аруусуң.
Ибн Каййим мындай дейт: «Күнөөлөрдүн кичине-чоңун, майда-чүйдөсү менен олуттуусун, мурункусу менен кийинкисин, жашыруун жана ачык жасалганын бүтүндөй кечирүүнү сурануу — бул жалпылоо жана толук камтуу болуп саналат. Мунун максаты — тообонун пенде өзү билген жана билбеген күнөөлөрдүн бардыгын өз ичине камтышы үчүн».
Айтилинат: «күнөөлөрдүн кичинеси чоңунан мурда айтылышынын себеби: сурануучу өз суранычында даражама-даража жогорулайт (б.а. кичинесинен чоңуна өтөт). Ошондой эле, чоң күнөөлөр көбүнчө кичине күнөөлөрдү кайталай берүүдөн жана аларга кайдыгер кароодон келип чыгат. Демек, кичине күнөөлөр чоң күнөөлөргө алып баруучу себеп сыяктуу. Ал эми себеп болгон нерсе аны моюнга алууда да, өчүрүүнү (кечирим) суроодо да биринчи айтылууга акылуу».
Аллах Таалага жалбаруу жана Андан бардык күнөөлөрдөн, кичине жана чоң күнөөлөрдөн кечирим суроо.
Имам Навави (Аллах ага ырайым кылсын) мындай дейт: «Бул жерде (айрым сөздөр бири-биринин ордун баса алса да) сөздөрдү көбөйтүү аркылуу дубаны бекемдөө жана ага өзгөчө маани берүү максаты көздөлгөн».
Сахих Муслим (1/ 350) (483).
Сахих Муслим (1/ 350) (483).
Дагы (20)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 506).
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص780).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (5/ 509).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (17/ 111).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 979).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 506).
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص780).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (5/ 509).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (17/ 111).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 979).