Өзүнүн көлөкөсүнөн башка эч бир көлөкө болбогон күнү Аллах Таала жети адамды Өз көлөкөсүнө алат.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
«Аллах Таала Өзүнүн көлөкөсүнөн башка эч бир көлөкө болбогон күнү жети адамды Өз көлөкөсүнө алат: Адилеттүү башчы, Аллахка ибадат кылып чоңойгон жаш жигит, жүрөгү мечиттерге байланган адам, Аллах үчүн бирин-бири жакшы көрүп, Аллах үчүн биригип жана Аллах үчүн ажырашкан эки адам, мансаптуу жана сулуу аял өзүнө чакырганда: «Чынында мен Аллахтан корком», - деп айткан адам, оң колу менен берген садакасын сол колу билбей калгыдай даражада жакшылыгын жашырган адам жана жалгыз калганда Аллахты эстеп, көзүнөн жаш төккөн адам».
«سَبْعَةٌ يُظِلُّهُمُ اللَّهُ تَعَالَى فِي ظِلِّهِ يَوْمَ لاَ ظِلَّ إِلَّا ظِلُّهُ: إِمَامٌ عَدْلٌ، وَشَابٌّ نَشَأَ فِي عِبَادَةِ اللَّهِ، وَرَجُلٌ قَلْبُهُ مُعَلَّقٌ فِي المَسَاجِدِ، وَرَجُلاَنِ تَحَابَّا فِي اللَّهِ، اجْتَمَعَا عَلَيْهِ وَتَفَرَّقَا عَلَيْهِ، وَرَجُلٌ دَعَتْهُ امْرَأَةٌ ذَاتُ مَنْصِبٍ وَجَمَالٍ فَقَالَ: إِنِّي أَخَافُ اللَّهَ، وَرَجُلٌ تَصَدَّقَ بِصَدَقَةٍ فَأَخْفَاهَا حَتَّى لاَ تَعْلَمَ شِمَالُهُ مَا تُنْفِقُ يَمِينُهُ، وَرَجُلٌ ذَكَرَ اللَّهَ خَالِيًا، فَفَاضَتْ عَيْنَاهُ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Анын көлөкөсүнөн башка эч бир көлөкө болбой турган күнү Аллах Таала Өзүнүн Аршынын көлөкөсүнө ала турган ыймандуулардын жети түрүн сүйүнчүлөгөн: Биринчи: Өзүндө адилеттүү, фасык эмес, кол астындагыларынын ортосунда адилеттүү, зулумдук кылбаган имам. Ал – эң жогорку бийлик ээси, ошондой эле мусулмандардын иштеринен кандайдыр бир иште башчы болуп, анда адилеттүүлүк кылган ар бир адам анын катарына кошулат. Экинчи: Аллахка ибадат кылып чоңойгон жана каза болгонго чейин жаштыгын, күч-кубатын ибадатка арнаган жаш жигит. Үчүнчү: Жүрөгү мечитке байланган адам. Мечитке болгон катуу сүйүүсүнөн жана андан ажырагысы келбегендиктен, мечиттен чыккандан баштап кайра кайтып келгенге чейин, кандайдыр бир себептер менен денеси мечиттин сыртында болсо дагы, ал жүрөгү менен дайыма мечитте болот. Төртүнчү: Бири-бирин Аллах үчүн чындап жакшы көргөн эки адам. Алар чындыгында бирге болушканбы же жокпу, өлүм аларды ажыратканга чейин диний жакшы көрүүсүн улантышкан жана аны дүйнөлүк бир себептен улам үзүп коюшкан эмес. Бешинчи: Тектүү, кадыр-барктуу, мансаптуу, бай жана сулуу аял андан өзү менен бузукулукка барууну суранганда, баш тартып, ага: «Мен Аллахтан корком», – деп айткан эркек. Алтынчы: Аз же көп садака берип, анда риякерлик кылбастан, тескерисинче, оң колу сарптаганын сол колу билбей калгыдай аны жашырган адам. Жетинчи: Адамдардан обочодо Аллахты жүрөгү менен эстеп же тили менен зикир кылып, Аллах Тааладан коркуп жана Аны улуктап көздөрүнөн жаш куюлган адам.
Эскерилген жети тайпанын пазилети жана алардан үлгү алууга үндөө.
Ибн Хажар Пайгамбарыбыздын «Анын көлөкөсүндө» деген сөзү жөнүндө мындай деген: «Мындан максат: Аршынын көлөкөсү деп айтылган, жана буга Саид ибн Мансурда жакшы иснад менен келген Салмандын: "Аллах жети адамды Өз Аршынын көлөкөсүнө алат" деген хадиси далил болот».
Ибн Хажар мынтип айткан: "Адилеттүү адамга берилген эң жакшы түшүндүрмө – бул аша чаппай жана кем кылбай, ар бир нерсени өз ордуна коюу менен Аллахтын буйругун ээрчиген адам. Андан келген пайда жалпы болгондугу үчүн ал алдында эскерилди."
Намаз окугандан кийин, кийинки намазды күтүүнүн пазилети.
Имам Навави айттат: "Бул хадис Аллах үчүн бири-бирин жакшы көрүүгө үндөйт жана анын зор артыкчылыгын баяндайт."
Мансап менен сулуулуктун өзгөчө айтылганы, адамдардын буларга болгон каалоосу күчтүү, катуу умтулушат жана аларга жетүү кыйын.
Садаканы жашырып берген жакшыраак жана ал риякерликтен алысыраак болот. Ошентсе да, эгер риякерликтен сакталса, аны менен башкаларды садака берүүгө кызыктырууну, башкалардын андан үлгү алышын жана Исламдагы улуу белгилерди ачык көрсөтүүнү максат кылса, садака менен зекетти ачык берүүгө шариятта жол берилет.
Бул жети адам бул жыргалчылыкка Аллах Таалага ыклас кылуу жана напси каалоолоруна каршы чыгуу менен гана жетишти.
Пайгамбарыбыздын «Аллах көлөкөсүнө ала турган жетөө»,- деген сөзү: Аларды бул сан менен чектөө максат кылынган эмес, тескерисинче, Аллах Аршынын көлөкөсүнө ала тургандардын арасында хадисте эскерилген тайпалардан башкалары да эскерилген.
Ибн Хажар мынтип айткан: "Бул хадисте эркектердин эскерилиши өкүмдүн алар менен эле чектелүүсүн билдирбейт. Тескерисинче, хадисте эскерилген амалдарда аялдар да алар менен, тактап айтканда, эркектер менен ортоктош болушат. Бир гана эгерде «адилеттүү имам» дегенден максат «жогорку имамдык» (мамлекет башчысы) болсо (ал эркектерге таандык болот). Антпесе, аялдын да буга кириши мүмкүн: мисалы, кол алдында үй-бүлөсү болуп, алардын арасында адилеттүү мамиле кылса. Бирок, мечитке байлануу сыпаты мындан сыртта калат. Анткени аял үчүн эң абзели (жакшысы) – мечитке караганда өз үйүндө намаз окуу. Андан башка сыпаттарда аялдар эркектерге ортоктош боло алышат. Атүгүл, аял өзүнө чакырган эркек маселесинде да; мисалы, келбеттүү падыша бир аялды өзүнө чакырса, ал аялдын муктаждыгы болуп турса да, Аллах Тааладан коркуп андан баш тартса, бул нерсе аялга карата да элестетилет."
Сахих ал-Бухари (2/ 111) (1423).
Сахих Муслим (2/ 715) (1031).
Дагы (1)
إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (3/ 24).
Китептерде келтирилген
9 КитептерДагы (9)
- الخطب المنبرية موسوعة الخطب المنبرية (القسم الثاني)«سَبْعَةٌ يُظِلُّهُمُ اللَّهُ فِي ظِلِّهِ يَوْمَ لَا ظِلَّ إِلَّا ظِلُّهُ»،
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهمالصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهم«سَبْعَةٌ يُظِلُّهُمُ اللَّهُ تَعَالَى فِي ظِلِّهِ يَوْمَ لاَ ظِلَّ إِلَّا ظِلُّهُ: إِمَامٌ عَدْلٌ، وَشَابٌّ نَشَأَ فِي عِبَادَةِ اللَّهِ، وَرَجُلٌ قَلْبُهُ مُعَلَّقٌ فِي المَسَاجِدِ، وَرَجُلاَنِ تَحَابَّا فِي اللَّهِ، اجْتَمَعَا عَلَيْهِ و
- الصلاة التي علمها النبي ﷺ الصحابة رضي الله عنهم«سَبْعَةٌ يُظِلُّهُمُ اللَّهُ تَعَالَى فِي ظِلِّهِ يَوْمَ لَا ظِلَّ إِلَّا ظِلُّهُ: إِمَامٌ عَدْلٌ، وَشَابٌّ نَشَأَ فِي عِبَادَةِ اللَّهِ، وَرَجُلٌ قَلْبُهُ مُعَلَّقٌ فِي المَسَاجِدِ، وَرَجُلَانِ تَحَابَّا فِي اللَّهِ، اجْتَمَعَا عَلَيْهِ و
- المنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح - المعتمدالمنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح“سبعة يظلهم الله تعالى في ظله يوم لا ظل إلا ظله: إمام عدل، وشاب نشأ في عبادة الله، ورجل قلبه معلق في المساجد...”.
- المنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح - المعتمدالمنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح“سبعة يظلهم الله في ظله يوم لا ظل إلا ظله” وذكر منهم: “ورجل تصدق بصدقة فأخفاها حتى لا تعلم شماله ما تنفق يمينه”.
- مادة العقيدة الإسلامية(سبعة يظلهم الله في ظله يوم لا ظل إلا ظله، إمام عادل، وشاب نشأ في عبادة الله، ورجل قلبه معلق في المساجد، ورجلان تحابا في الله اجتمعا عليه وافترقا عليه، ورجل دعته امرأة ذات منصب وجمال فقال: إني أخاف الله، ورجل تصدق بصدقةٍ فأخفاها حتى لا تعلم
- مشروع منهاج زادكزادك 1 طالب«سَبْعَةٌ يُظِلُّهُمُ اللهُ فِي ظِلِّهِ يَوْمَ لَا ظِلَّ إِلَّا ظِلُّهُ: الْإِمَامُ الْعَادِلُ، وَشَابٌّ نَشَأَ بِعِبَادَةِ اللهِ، وَرَجُلٌ قَلْبُهُ مُعَلَّقٌ فِي الْمَسَاجِدِ، وَرَجُلَانِ تَحَابَّا فِي اللهِ اجْتَمَعَا عَلَيْهِ وَتَفَرَّقَ
- مشروع منهاج زادكزادك 1 طالب«رَجُلٌ تَصَدَّقَ بِصَدَقَةٍ فَأَخْفَاهَا حَتَّى لَا تَعْلَمَ شِمَالُهُ مَا تُنْفِقُ يَمِينُهُ».
- نبراس طالب (2)نبراس طالب (2) «سبعةٌ يُظِلُّهم اللهُ في ظِلِّه يومَ لا ظلَّ إلَّا ظلُّه: ... ورجُلٌ تصَدَّقَ بصَدَقةٍ فأَخفاها حتى لا تعلَمَ شِمالُه ما تُنفِقُ يَمينُه»