Кимде-ким биз окугандай намаз окуса, биздин кыбылага жүздөнсө жана биз сойгон малдын этин жесе, мына ошол – Аллахтын жана Анын элчисинин коргоосундагы мусулман. Андыктан, Аллахтын коргоосуна кыянаттык кылбагыла.
Анас бин Малик (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кимде-ким биздин намазыбызды окуса, биздин кыбылабызга жүздөнсө жана биз сойгон малдын этинен жесе, мына ошол – Аллахтын жана Анын элчисинин коргоосундагы мусулман. Ошондуктан, Аллахтын коргоосуна кыянаттык кылбагыла”.
«مَنْ صَلَّى صَلاَتَنَا وَاسْتَقْبَلَ قِبْلَتَنَا وَأَكَلَ ذَبِيحَتَنَا فَذَلِكَ المُسْلِمُ الَّذِي لَهُ ذِمَّةُ اللَّهِ وَذِمَّةُ رَسُولِهِ، فَلاَ تُخْفِرُوا اللَّهَ فِي ذِمَّتِهِ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким диндин сырткы жөрөлгөлөрүн бекем карманып, биз окугандай намаз окуса, биздин кыбылабыз болгон Каабага жүз бурса жана биз сойгон малдын этин адал деп билип жесе, анда ал Аллахтын жана Анын элчисинин аманатында жана келишиминде болгон мусулман экенин, ошондуктан ага карата Аллахтын коргоосун жана келишимин бузбоо керектигин кабарлады.
Ибн Ражаб айткан: "Бул хадис, алардын укуктарын аткармайынча, жөн гана эки келимени айтуу менен адамдын жаны сакталбастыгына далил болот. Алардын эң бекем укугу – намаз окуу, ошондуктан аны өзгөчөлөп эскерткен. Ал эми башка хадисте намаз окууга зекет берүүнү да кошкон".
Адамдардын иш-аракеттерине ички дүйнөсүнө эмес, сырткы абалына карап өкүм берилет. Ошондуктан, ким диндин белгилерин ачык көрсөтсө, эгер андан буга карама-каршы нерсе байкалбаса, ага карата мусулмандардын өкүмдөрү бекитилет.
Ибн Ражаб айткан: "Кыбылага жүздөнүүнүн эскерилиши — мусулмандардын пайгамбарына түшүрүлгөн Китепте шариятка киргизилген намазды, башкача айтканда, Каабага жүздөнүп окулуучу намазды толук аткаруу зарыл экендигине ишаара. Антпесе, ким жөөттөр сыяктуу анын өкүмү жоюлгандан кийин Кудуска, же христиандар сыяктуу чыгышка жүздөнүп намаз окуса, ал тургай бир Аллага сыйынуу келмесин айтып күбөлүк берген күндө да мусулман деп эсептелебейт".
Бул, намазда кыбылага кароонун орду чоң экенине далил болот. Анткени, кыбылага кароодон башка, мисалы, даарат алуу сыяктуу башка шарттары айтылган жок.
Ибн Ражаб минтип айткан: Пайгамбардын мусулмандардын сойгон малын жегени деп эскерүүсүндө Исламдын бардык ачык шарият өкүмдөрүн бекем кармоо зарыл экенине ишаара бар. Алардын эң улугу – мусулмандардын сойгон малын жеш жана мал союуда аларга макул болуу. Ким мындан баш тартса, ал мусулман эмес.
Сахих ал-Бухари (1/ 87) (391).
Сахих ал-Бухари (1/ 87) (391).
Дагы (4)
إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (1/ 410).
عمدة القاري شرح صحيح البخاري (4/ 125).
إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (1/ 410).
عمدة القاري شرح صحيح البخاري (4/ 125).