Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала анын жанын алганга (кайтыш болгонго) чейин Рамазан айынын акыркы он күнүндө иьтикафта отурган, андан кийин жубайлары да иьтикафка отурушкан.
Момундардын энеси Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жубайы Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
«Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Таала анын жанын алганга (кайтыш болгонго) чейин Рамазан айынын акыркы он күнүндө иьтикафта отурган, андан кийин жубайлары да иьтикафка отурушкан».
أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ كَانَ يَعْتَكِفُ العَشْرَ الأَوَاخِرَ مِنْ رَمَضَانَ، حَتَّى تَوَفَّاهُ اللَّهُ، ثُمَّ اعْتَكَفَ أَزْوَاجُهُ مِنْ بَعْدِهِ.
Момундардын энеси Аиша (ага Аллах ыраазы болсун) кабарлайт: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Кадыр түндү тосуу максатында Рамазан айынын акыркы он күнүндө дайыма иьтикафта отурган жана муну Аллах Анын жанын алганга (кайтыш болгонго) чейин уланткан. Андан кийин жубайлары да (аларга Аллах ыраазы болсун) иьтикафка отурушкан.
Мечиттерде иьтикафка отуруу — шариятта сунушталган ибадат. Шарият эрежелерин сактоо жана фитнадан аман болуу шарты менен, ал тургай, аялдарга да иьтикафка отурууга уруксат берилет.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дайыма аткаргандыгы үчүн Рамазан айынын акыркы он күнүндө иьтикаф отуруу бекемделген сүннөт болуп саналат.
Иьтикаф — өкүмү жоюлбаган, уланып келе жаткан сүннөт. Анткени Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөдөн өткөндөн кийин да жубайлары иьтикафка отурушкан.
Сахих ал-Бухари (3/ 47) (2026).
Сахих Муслим (2/ 831) (1172).
Сахих ал-Бухари (3/ 47) (2026).
Сахих Муслим (2/ 831) (1172).
Дагы (8)
تيسير العلام.
لعبد الله البسام (ص351).
تنبيه الأفهام شرح عمدة الإحكام.
لابن عثيمين (3/ 474).
تيسير العلام.
لعبد الله البسام (ص351).
تنبيه الأفهام شرح عمدة الإحكام.
لابن عثيمين (3/ 474).