Мусулман адам бир тууганы жок кезде ага кылган дубасы кабыл болот.
- التصنيف الشرعي
- الفضائل والآدابفضل الدعاءالعقيدةالإيمان بالملائكة
Умм Дарда жана Абу Дарда (Аллах алардан ыраазы болсун) риваят кылышат, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтар эле:
«Мусулман адам бир тууганы жок кезде ага кылган дубасы кабыл болот. Анын баш тарабында дайындалган периште турат. Бир тууганына дуба кылган сайын периште: Аамин, сага да ушундай болсун! – деп айтып турат»
«دَعْوَةُ الْمَرْءِ الْمُسْلِمِ لِأَخِيهِ بِظَهْرِ الْغَيْبِ مُسْتَجَابَةٌ، عِنْدَ رَأْسِهِ مَلَكٌ مُوَكَّلٌ كُلَّمَا دَعَا لِأَخِيهِ بِخَيْرٍ، قَالَ الْمَلَكُ الْمُوَكَّلُ بِهِ: آمِينَ وَلَكَ بِمِثْلٍ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулман адамдын мусулман бир тууганына ал жок кезде кылган дубасы кабыл болорун кабарлаган. Анткени бул ыкластуулукка жакыныраак. Ошондой эле дуба кылуучунун жанында дайындалган периште болот, бир тууганына жакшылык тилеп дуба кылган сайын дайындалган периште: Аамин, сага да дуба кылганыңдай болсун! – деп турат.
Момундарды дуба кылуу менен болсо да бири-бирине жакшылык кылууга үндөө.
Жок кезде дуба кылуу ыймандын жана бир туугандыктын чынчылдыгына ачык далил болот.
Дубанын жанында жок кез менен чектелүүсү — бул ыкластуулуктун эң жогорку чегине жетүүсүнө жана жүрөктүн дубага толук берилүүсүнө өбөлгө болгону үчүн.
Дуба кабыл болуусунун себептеринин бири – мусулман адамдын бир тууганы жок кезде ага дуба кылуусу.
Ан-Навави айтты: Мусулман адамдын мусулман бир тууганына ал жок кезде, ага билдирбей дуба кылуусунун пазилети бар. Эгерде мусулмандардын бир жамаатына дуба кылса да бул пазилетке ээ болот. Ал эми жалпы мусулмандарга дуба кылса дагы, бул пазилетке ээ болору айкын көрүнүп турат. Салафтардын айрымдары өзүнө дуба кылгысы келсе, ошол дубаны мусулман бир тууганына кылчу; анткени ал дуба кабыл болот жана өзүнө да ушундай эле жакшылык берилет.
Периштелердин кээ бир иш-амалдарын жана алардын ичинен Аллах бул иш үчүн дайындагандары бар экендигин баяндоо.
Сахих Муслим (4/ 2094) (2733).
Сахих Муслим (4/ 2094) (2733).
Дагы (16)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 585).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 1018).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (6/ 48).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (17/ 510).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (2/ 585).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (2/ 1018).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (6/ 48).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (17/ 510).
Китептерде келтирилген
3 КитептерДагы (3)
- التوحيد في ضوء عقيدة الإمام الشافعي رحمه الله ونصوصه ومروياته"دعوة المرء المسلم لأخيه بظهر الغيب مستجابة، عند رأسه ملك موكل، كلما دعا لأخيه بخير، قال الملك الموكل به: آمين ولك بمثل".([101])
- الذكر والدعاء والعلاج بالرقي من الكتاب والسنة"دعوة المرء المسلم لأخيه بظهر الغيب مستجابة. عند رأسه ملكٌ موكلٌ، كما دعا لأخيه بخيرٍ، قال الملك الموكل به: آمين ولك بمثل".
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 7«دعْوَةُ المرءِ المُسلمِ لأخيهِ بظهرِ الغَيْب مُسْتجابَةٌ، عندَ رأسِهِ ملكٌ مُوَكَّلٌ كلَّما دعا لأخيه بخير قَالَ الملك المُوَكَّلُ به: آمينَ، ولكَ بِمثْلٍ».