Skip to content

Саарлык ичкиле, анткени саарлыкта береке бар.

التصنيف الشرعي
الفقهالصيامسنن الصيام

Анас ибн Маалик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«Саарлык ичкиле, анткени саарлыкта береке бар».

«تَسَحَّرُوا، فَإِنَّ فِي السَّحُورِ بَرَكَةً».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) саарлык кылууга үндөгөн. Саарлык — орозого даярдык катары түндүн аягында тамактануу. Анда мол сооп менен береке бар. Анткени ал — түндүн акыркы бөлүгүндө намаз окуп, дуба кылууга, орозо кармоого күч-кубат алууга, сергек болууга жана анын кыйынчылыктарын жеңилдетүүгө көмөктөшөт.

Хадистин пайдалары

Саарлык ичүү (ооз жабуу) — жакшы иш, анткени аны аткаруу менен шарияттын буйругу орундалат.

Ибн Хажар «Фатхул-Баари» китебинде минтип айткан: «Саарлыктагы береке бир нече жол менен ишке ашат. Алар: Сүннөткө баш ийүү, Ахли китептерге окшошпоо, ибадатка күч-кубат алуу, сергектикти арттыруу, ачкалыктан келип чыгуучу жаман кулк-мүнөздөн арылуу, ошол убакта муктаждарга садака берүүгө же алар менен бирге тамактанууга мүмкүнчүлүк түзүлүүсү, дуба кабыл болуучу убакта зикир жана дуба кылууга себеп болуу, ошондой эле жатаарда орозо ниетин унутуп койгондор үчүн ниетин жаңылап алуу».

Бул — Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эң сонун таалим берүү ыкмасы. Анткени Ал адамдын жүрөгү бейпил болуп, шарияттын улуулугу билинүүсү үчүн өкүмдү анын даанышмандыгы менен кошо баяндаган.

Ибн Хажар минтип айткан: Саарлык (ооз жабуу) адамдын эң аз өлчөмдө бир нерсе жеп-ичиши менен да ишке ашат.

Булактар

Сахих ал-Бухари (3/ 29) (1923).

Сахих Муслим (2/ 770) (1095).

Сахих ал-Бухари (3/ 29) (1923).

Сахих Муслим (2/ 770) (1095).

Дагы (8)

تيسير العلام.

لعبد الله البسام (ص317).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الإحكام.

لابن عثيمين (3/ 416).

تيسير العلام.

لعبد الله البسام (ص317).

تنبيه الأفهام شرح عمدة الإحكام.

لابن عثيمين (3/ 416).