Бул дүйнө — момундун абагы, каапырдын бейиши.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтты:
«Бул дүйнө — момундун абагы, каапырдын бейиши».
«الدُّنْيَا سِجْنُ الْمُؤْمِنِ وَجَنَّةُ الْكَافِرِ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) буйруктарды аткарып, тыйылган иштерди таштоо менен шарият милдеттерин кармангандыгы себептүү, бул дүйнө жашоосу момун үчүн абак сыяктуу экенин кабарлаган. Ал каза болгондо мындан эс алат жана Аллах Таала ал үчүн даярдап койгон түбөлүктүү жакшылыктарга кайтат. Ал эми каапырга болсо бул дүйнө жашоосу бейиштей, анткени ал анда напсиси эңсеген жана кумар-каалоосу буюрган нерселердин баарын кылат. Ал каза болгондо, Аллах Таала Кыямат күнү ал үчүн даярдап койгон түбөлүктүү азапка барат.
Ан-Навави айтты: "Ар бир момун бул дүйнөдө арам жана макрух болгон напси каалоолорунан тыйылып, абакта отурган сыяктуу жана оор таат-ибадаттарды аткарууга милдеттендирилген. Өлгөндө ал ушунун баарынан эс алат да, Аллах Таала ага убада кылган түбөлүк жакшылыктарга жана эч бир кемчиликсиз таза ырахатка бөлөнөт. Ал эми каапыр болсо, анын үлүшү – бул дүйнөдө алган аз гана жана түйшүктөр менен коштолгон нерселери менен гана чектелет. Өлгөндө ал түбөлүк азап-тозокко жана бүтпөс кайгыга туш болот".
Ас-Синдий мындай деген: "«Момундун абагы» дегени: момун эгер жакшылыкта жашаса да, бейиш ал үчүн андан жакшыраак. Ал эми «каапырдын бейиши» дегени: каапыр эгер кыйынчылыкта жашаса да, тозок ал үчүн андан жаманыраак."
Дүйнөнүн Аллах Тааланын алдында төмөн экендиги.
Бул дүйнө – ыймандуулар үчүн сыноо жайы.
Каапыр бул дүйнөдө бейишин шаштырып алды; ошентип ал акырет бейишинен жана анын ырахатынан куру калуу менен жазаланды.
Сахих Муслим (4/ 2272) (2956).
Сахих Муслим (4/ 2272) (2956).
Дагы (20)
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 535).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 419).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 367).
موسوعة فقه القلوب.
لمحمد التويجري (4/ 3471).
كتاب العلم.
لابن عثيمين (ص37).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 535).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 419).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 367).
موسوعة فقه القلوب.
لمحمد التويجري (4/ 3471).
كتاب العلم.
لابن عثيمين (ص37).