Оо, Аллах! Сенин каарыңдан Сенин ыраазычылыгыңа, жазаңдан Сенин амандыгыңа баш калкалайм. Мен Сенден (кайра эле) Өзүңө баш калкалайм. Мен Сага татыктуу мактоолорду санап бүтүрө албайм, Сен Өзүңдү Өзүң мактагандайсың.
Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтты:
"Бир түнү Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төшөктөн таппай калып, аны издедим. Ошондо колум анын эки бутунун таманына тийди, ал мечитте (саждада) экен жана эки буту тик коюлган абалда эле. Ал минтип айтып жаткан: «Оо, Аллах! Сенин каарыңдан Сенин ыраазычылыгыңа, жазаңдан Сенин амандыгыңа баш калкалайм. Мен Сенден (кайра эле) Өзүңө баш калкалайм. Мен Сага татыктуу мактоолорду санап бүтүрө албайм, Сен Өзүңдү Өзүң мактагандайсың»." Транскрипциясы: «Аллаахумма аъуузу биридаака мин сахотика, ва бимуъаафаатика мин ъукуубатика, ва аъуузу бика минка лаа ухсыы санаа-ан ъалайка анта камаа аснайта ъалаа нафсик.»
فَقَدْتُ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ لَيْلَةً مِنَ الْفِرَاشِ فَالْتَمَسْتُهُ فَوَقَعَتْ يَدِي عَلَى بَطْنِ قَدَمَيْهِ وَهُوَ فِي الْمَسْجِدِ وَهُمَا مَنْصُوبَتَانِ، وَهُوَ يَقُولُ: «اللهُمَّ أَعُوذُ بِرِضَاكَ مِنْ سَخَطِكَ، وَبِمُعَافَاتِكَ مِنْ عُقُوبَتِكَ، وَأَعُوذُ بِكَ مِنْكَ لَا أُحْصِي ثَنَاءً عَلَيْكَ أَنْتَ كَمَا أَثْنَيْتَ عَلَى نَفْسِكَ».
Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Мен Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жанында уктап жатып, түн ичинде аны таппай калдым. Анан бөлмөдө ал намаз окуган жерди колум менен сыйпаласам, ал эки бутун тике коюп сажда кылып жаткан экен, жана мындай деп жаткан эле: "Мага же менин үмөтүмө келе турган (Сенин каарыңдан Сенин ыраазычылыгың) аркылуу, Сени ортого салып жалбарамын жана Сага (баш калкалайм). Ошондой эле (Сенин жазаңдан) Сенин көптөгөн кечиримиң жана (амандыгың) аркылуу баш калкалайм. " "(Сенден Өзүңө баш калкалайм): Сенин улуулук сыпаттарыңдан сулуулук сыпаттарыңа баш калкалайм. Анткени, Сенден (Сенин каарыңдан) Өзүңдөн башка эч ким коргой албайт. Аллахтан качып кутулуучу жана баш калкалоочу жай жалгыз Анын Өзүндө гана." "(Сага татыктуу мактоолорду санап бүтүрө албайм) – эгерде мен буга канчалык күч-аракетимди жумшасам да, Сенин жакшылыктарыңды жана берешендигиңди Сен татыктуу болгондой эсептеп бүтүүгө алсыз болгондугум себептүү, алардын эсебине жана санына жетүүгө күчүм жетпейт жана жете албайм." "(Сен Өзүңдү Өзүң мактагандайсың). Анткени, Өз затыңды Өзүңө татыктуу алкыш-мактоо менен мактаган Сенсиң, демек, Сага алкыш-мактоо айтуунун акысын өтөөгө кимдин кудурети жетмек эле?!"
Саждада бул дубаларды айтуу мустахаб.
Мирак минтип айткан: "Насаинин риваяттарынын биринде: намазын аяктап, төшөгүнө жатканда ушул дубаны айтчу" — деп келген.
Аллахка Анын сыпаттары менен мактоолорду айтуу жана Куран менен Сүннөттө бекитилген ысымдары менен Ага дуба кылуу мустахаб.
Руку жана сажда кылууда Жаратканды улуктоо.
Аллах Тааланын Заты менен коргоо тилөөгө болгондой эле, Аллахтын сыпаттары менен да коргоо тилөөгө болот.
ал-Хаттаби айтты: Бул сөздөрдө терең маани жатат, ал төмөнкүчө: Ал (пайгамбар) Аллахтын каарынан ыраазычылыгына, жазалоомунан кечиримине качып, Андан баш калкалоо сураган. Ыраазылык менен каар – бири-бирине карама-каршы. Ошондой эле кечирим менен жазалоо да бири-бирине карама-каршы. Ал эми эч кандай карама-каршысы жок болгон Аллах Субханаху уа Таалага келгенде, Андан кайра Өзүнө эле баш калкалоо сураган . Мунун мааниси: Ага ибадат кылуудагы милдеттерди толук аткара албагандыгы үчүн кечирим тилөө жана Ага мактоо айтуу. Ал эми: «Мен Сага татыктуу мактоолорду санап бүтүрө албайм» деген сөзү: «Буга күчүм да жетпейт, бул даражага жете да албайм» деген мааниде.
Сахих Муслим (1/ 352) (486).
Дагы (8)
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص781).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (5/ 510).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين 2/ 979).
طريق الهجرتين وباب السعادتين.
لابن قيم الجوزية (ص136).
Китептерде келтирилген
2 КитептерДагы (2)
- الذكر والدعاء والعلاج بالرقي من الكتاب والسنة"اللهم إني أعوذ برضاك من سخطك، وبمعافاتك من عقوبتك وأعوذ بك منك، لا أحصي ثناءً عليك أنت كما أثنيت على نفسك".
- موسوعة الإيمان«اللهُمَّ أَعُوذُ بِرِضَاكَ مِنْ سَخَطِكَ، وَبِمُعَافَاتِكَ مِنْ عُقُوبَتِكَ، وَأَعُوذُ بِكَ مِنْكَ لَا أُحْصِي ثَنَاءً عَلَيْكَ، أَنْتَ كَمَا أَثْنَيْتَ عَلَى نَفْسِكَ».