Skip to content

Мен сени Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мени буйруган нерсеге буйруйунбу? Эстелик, сүрөттү көрсөң талкалап жок кыл, кабыр үстүнө коюлган нерсени көрсөң тегиздеп түздөгүн - деди.

Абу ал-Хаййаж ал-Асадий айтат:

Али бин Абу Талиб мага: Мен сени Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мени буйруган нерсеге буйруйунбу? Эстелик, сүрөттү көрсөң талкалап жок кыл, кабыр үстүнө коюлган нерсени көрсөң тегиздеп түздөгүн - деди.

قَالَ لِي ‌عَلِيُّ بْنُ أَبِي طَالِبٍ: أَلَا أَبْعَثُكَ عَلَى مَا بَعَثَنِي عَلَيْهِ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ؟ أَنْ لَا تَدَعَ تِمْثَالًا إِلَّا طَمَسْتَهُ، وَلَا قَبْرًا مُشْرِفًا إِلَّا سَوَّيْتَهُ.

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларын эстеликтерди калтырбоого (жандуулардын сүрөтү, денеси болсо, болбосо айырмасы жок) талкалап же өчүрүп жоготууга жөнөтөт эле. Ошондой эле жерден бийик көтөрүлгөн кабырларды тегиздөөгө, кабыр үстүнө курулган нерселерди сындырууга, же аларды алып кабырдын үстүн тегиздеп, бир карыштай гана көтөрүп коюуга буйруган.

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Жандуу нерселердин сүрөтүн тартуу арам, анткени бул ширктин пайда болуусуна алып келет.

Бийлиги же кудурети жеткен адамга туура эмес иштерди колу менен кайтаруусу шариятта буйрулган.

Сүрөт тартуу, эстелик жасоо, кабыр үстүнө бир нерсе куруу сыяктуу исламга чейинки доордон калган жаман адаттарды жок кылууга пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аракет кылган.

Булактар

Сахих Муслим (2/ 666) (969).

Дагы (8)

القول المفيد على كتاب التوحيد.

لابن عثيمين (2/ 446).

الملخص في شرح كتاب التوحيد.

لصالح الفوزان (ص402).

الجديد في شرح كتاب التوحيد.

لمحمد القرعاوي (ص447).

كتاب التوحيد.

للإمام محمد بن عبد الوهاب (ص138).