Skip to content

Кайсы бир коом отурган орундарынан Аллахты зикир кылбай туруп кетсе, эшектин өлүмтүгүнөн тургандай болот жана алар үчүн (бул жыйыны) өкүнүч болот.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

«Кайсы бир коом отурган орундарынан Аллахты зикир кылбай туруп кетсе, эшектин өлүмтүгүнөн тургандай болот жана алар үчүн (бул жыйыны) өкүнүч болот».

«مَا مِنْ قَوْمٍ يَقُومُونَ مِنْ مَجْلِسٍ لَا يَذْكُرُونَ اللَّهَ فِيهِ إِلَّا قَامُوا عَنْ مِثْلِ جِيفَةِ حِمَارٍ، وَكَانَ لَهُمْ حَسْرَةً».

Абу Дауд жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкүдөй кабар берди: кайсы бир коом бир жыйында отуруп, андан Аллахты зикир кылбастан туруп кетишсе, сасык жана жийиркеничтүү эшектин өлүмтүгүнө чогулуп, андан тургандай болот. Анткени алар Аллахты зикир кылуунун ордуна сөзгө алаксып калышты жана бул жыйын Кыямат күнү алар үчүн өкүнүч, кемчилдик жана кеткис бушаймандык болот.

Хадистин пайдалары

Аллахты зикир кылууну унутуу тууралуу айтылган эскертүү жыйындар менен эле чектелип калбайт, ал башкаларды да камтыйт. Имам Навави айтты: "Ким бир жерде отурса, ал жерде Аллах Тааланы зикир кылбай туруп кетүүсү макрух болот".

Кыямат күнү алардын өкүнүчү: же убактысын Аллахка ибадат кылууда пайдаланбай сооп жана сыйлыктан кур калгандыгы үчүн болот, же убактысын Аллахка күнөө кылуу менен өткөрүп күнөө жана жазага дуушар болгондугу үчүн болот.

Эгер бул эскертүү мубах болгон нерселердеги кайдыгерлик жөнүндө болсо, анда гыйбат, ушак жана башкалар аралашкан арам жыйындардын абалы кандай болот?!

Булактар

Сунан Абу Дауд (7/ 221) (4855).

Сунан Абу Дауд (7/ 221) (4855).

Дагы (8)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 120).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 654).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 120).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 654).