Оо, Аллахтын Элчиси! Биздин кимибиздин болбосун аялынын анда кандай акысы бар? — деп сурадым. Ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Өзүң тамактанганыңда аны да тамактандырасың, өзүң кийингениңде же тапканыңда аны да кийинтесиң, жүзүнө урбайсың, жаман сөз айтып тилдебейсиң жана үйдөн башка жерде таштап кетпейсиң» — деп жооп берди.
Муавия ал-Кушайри (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:
Мен: «Оо, Аллахтын Элчиси! Биздин кимибиздин болбосун аялынын анда кандай акысы бар?» — деп сурадым. Ал (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Өзүң тамактанганыңда аны да тамактандырасың, өзүң кийингениңде же тапканыңда аны да кийинтесиң, жүзүнө урбайсың, жаман сөз айтып тилдебейсиң жана үйдөн башка жерде таштап кетпейсиң» — деп жооп берди.
قُلْتُ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، مَا حَقُّ زَوْجَةِ أَحَدِنَا عَلَيْهِ؟، قَالَ: «أَنْ تُطْعِمَهَا إِذَا طَعِمْتَ، وَتَكْسُوَهَا إِذَا اكْتَسَيْتَ، أَوِ اكْتَسَبْتَ، وَلَا تَضْرِبِ الْوَجْهَ، وَلَا تُقَبِّحْ، وَلَا تَهْجُرْ إِلَّا فِي الْبَيْتِ»
Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Аялдын күйөөсүндө кандай акысы бар? - деп суралганда, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир нече нерсени баяндады, алардын ичинен: Биринчи: Тамакты өзүң гана жеп, аны куру калтырба, тескерисинче, өзүң тамактанган сайын ага да тамак бер. Экинчиден: Кийим-кечеде өзүңдү гана өзгөчөлөбө, тескерисинче, өзүң кийингениңде, каражат таап жана мүмкүнчүлүгүң жеткенде аны да кийиндир. Үчүнчүдөн: Бир себеп жана муктаждык болмоюнча урууга болбойт. Эгерде адептеш үчүн же кээ бир парздарды таштаганы үчүн аны урууга муктаждык туулса, анда чектен чыкпастан урулат. Бетке урууга тыюу салынат, анткени бет – дене-мүчөлөрүнүн эң ардактуусу жана эң көрүнүп турганы. Ошондой эле ал өзүнө асыл бөлүктөрдү жана назик мүчөлөрдү камтыйт. Төртүнчү: Сөкпө жана: «Аллах жүзүңдү көрксүз кылсын» деп айтпа. Анын жүзүн да, денесинин эч бир бөлүгүн да сулуулукка карама-каршы болгон көрксүздүккө таңуулаба. Анткени адамдын жүзүнө жана денесине Аллах Таала Өзү келбет берген жана жараткан бардык нерсесин эң көркөм кылган. Жаратылышты айыптоо — Жаратуучуну айыптоого барып такалат, мындан Аллах сактасын. Бешинчиден: Төшөктөн башка жерде аны таштап койбо (жүз бурба), өзүң андан бөлүнүп кетпе жана аны башка үйгө көчүрбө Балким, бул күйөөсү менен аялынын ортосунда адатта болуп туруучу таарынышууларга (бири-бирин таштап коюуларга) тиешелүүдүр.
Сахабалар өздөрүнүн башкалардын алдындагы аткаруусу керек болгон милдеттерин жана өздөрүнүн укуктарын билүүгө кызыкдар болушкан.
Аялды нафака, кийим-кечек жана турак-жай менен камсыздоо күйөөсүнүн милдети.
Моралдык жана физикалык жактан кордоодого тыюу салынат.
Тыюу салынган айыптап, кемсинтүүлөрдүн катарына: «Сен начар уруудансың», же «жаман үй-бүлөдөнсүң», же ушул сыяктуу сөздөрдү айтуу кирет.
Сунан Абу Дауд (3/ 476) (2142).
Сунан Ибн Маажа (3/ 56) (1850).
Муснад Ахмад (33/ 213) (20011).
Дагы (12)
فتح ذي الجلال والاكرام بشرح بلوغ المرام.
لابن عثيمين (5/ 184).
سبل السلام.
للصنعاني (2/ 322).
توضِيحُ الأحكَامِ مِن بُلوُغ المَرَام.
للبسام (6/ 44).
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص204).
منحة العلام في شرح بلوغ المرام.
لعبد الله الفوزان (8/ 169).
التَّنويرُ شَرْحُ الجَامِع الصَّغِيرِ.
للأمير الصنعاني (5/ 369).