Skip to content

«Кимде-ким багымдат намазын окуса, анда ал Аллахтын коргоосунда болот.

Жундуб бин Абдулла Аль-Касри (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

«Кимде-ким багымдат намазын окуса, анда ал Аллахтын коргоосунда болот. Ошондуктан Аллах силерден Өзүнүн коргоосундагы адам тууралуу эч нерсени талап кылбасын. Анткени Аллах кимден Өз коргоосундагы адам тууралуу бир нерсени талап кылса, анда Аллах ага сөзсүз жетет. Андан кийин аны бети менен тозоко ыргытат».

«مَنْ صَلَّى صَلَاةَ الصُّبْحِ فَهُوَ فِي ذِمَّةِ اللهِ، فَلَا يَطْلُبَنَّكُمُ اللهُ مِنْ ذِمَّتِهِ بِشَيْءٍ، فَإِنَّهُ مَنْ يَطْلُبْهُ مِنْ ذِمَّتِهِ بِشَيْءٍ يُدْرِكْهُ، ثُمَّ يَكُبَّهُ عَلَى وَجْهِهِ فِي نَارِ جَهَنَّمَ».

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кимде-ким багымдат намазын окуса, анда ал Аллахтын сактоосунда, көзөмөлүндө жана коргоосунда болоорун кабарлап жатат. Аллах Таала аны душмандан сактайт жана аларга үстөмдүк кылат. Андан кийин Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) багымдат намазын калтырып же багымдат намазын окугандарга кол салып, аларга душмандык кылып, Аллах коргоосуна алган адам менен Аллахтын ортосундагы бул келишимди бузгандарга, аны жараксыз кылгандарга катуу эскертти. Анткени кимде-ким бул келишимди бузса, анда Аллахтын коргоосун бузган болот. Ал Аллахтын коргоосундагы адамдын акысына душмандык кылганы себептүү ал катуу азапка татыктуу болот. Аллах кимден Өз коргоосундагы адам тууралуу бир нерсени талап кылса, анда Аллах ага сөзсүз жетет. Андан кийин аны бети менен тозокко ыргытат».

Сөздөрдүн маанилери

...:

Хадистин пайдалары

Багымдат намазынын маанилүүлүгү жана анын пазилети баяндалды.

Багымдат намазын окугандар үчүн жамандык кылган адамдарга катуу азап болоорун эскертип жатат.

Аллахтын салих пенделерине душмандык кылгандардан Аллах алардын өчүн алып берет.

Булактар

Сахих Муслим (1/ 454) (657).

Дагы (6)

المعجم الأوسط (4/ 5) (3464).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين (1/ 249).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (2/ 561).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 323).