Skip to content

"Мурдагы пайгамбарлардын сөздөрүнөн адамдарга кеңири тараганы: "Эгер уялбасаң, каалаганыңды кыла бер" деген сөз".

Абу Масуд Укба бин Амр Ансари Бадри (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

"Мурдагы пайгамбарлардын сөздөрүнөн адамдарга кеңири тараганы: "Эгер уялбасаң, каалаганыңды кыла бер" деген сөз".

«إِنَّ مِمَّا أَدْرَكَ النَّاسُ مِنْ كَلاَمِ النُّبُوَّةِ الأُولَى: إِذَا لَمْ تَسْتَحْيِ فَاصْنَعْ مَا شِئْتَ».

Бухари жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлайт: мурдагы пайгамбарлардын осуяттарынан кылымдан кылымга өтүп эл арасында айтылып акыркы үммөткө чейин жеткен сөз: эмне кылганы жатканыңа кара, эгер ал ишиң үчүн уялбай турган болсоң, кыла бер. А эгер ал ишиң үчүн уяла турган болсоң, аны кылба. Анткени, жаман ишти кылуудан тосуп турган нерсе уяттуулук. Кимде уяты жок болсо, ал бардык жаман, бузук иштерди кыла берет.

Хадистин пайдалары

Уяттуулук - жакшы мүнөздөрдүн тамыры.

Уяттуулук пайгамбарлардын сыпаты. Алардан санат болуп калган.

Уяттуулук мусулманды аны көркүнө чыгарып, кадырын көтөрө турган жакшы иштерди аткартып, көркүн бузуп, кадырын түшүрө турган жаман иштерден тыйып турат.

Ан-Нававий минтип айткан: Мында мубах амал жөнүндө айтылган. Тагыраак айтканда, бир ишти аткарууну кааласаң, ал иш үчүн Аллахтын же адамдардын алдында уят болуп калбай турган болсоң, аны аткара бер. Эгер уят болуп кала турган болсоң, аны аткарба. Исламдын жолу да ушундай. Мунун себеби, буйрулган иштер важыб жана мандуб, аларды аткарбай коюу уят. Тыйылган иштер арам жана макирөө, аларды аткаруу уят. Ал эми мубах иште уялуу да, уялбоо да жайыз. Хадис беш өкүмдү өзүнө камтыйт, коркутуу түрүндөгү буйрук деген да пикир бар, б.а. эгер сенде уятың жок болсо,каалаганыңды кыла бер, Аллах сени Өзү жазалайт деген маани. Кабар маанисинде айтылган буйрук деген да пикир бар. Ким уялбаса, каалаганын жасай берет деген мааниде.

Булактар

Сахих ал-Бухари (8/ 29) (6120).

Дагы (6)

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 1252).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص1045).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (6/ 656).