Skip to content

Үй-бүлөсүнүн мээнетин б.а. кызматын кылчу. Ал эми намаз убактысы келгенде, намазга чыгып кетчү.

Асвад ибн Язид риваят кылып айтты:

Айшадан: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйдө эмне иш кылат эле? — деп сурадым. Ал: "Үй-бүлөсүнүн мээнетин б.а. кызматын кылчу. Ал эми намаз убактысы келгенде, намазга чыгып кетчү", — деп айтты.

سَأَلْتُ عَائِشَةَ مَا كَانَ النَّبِيُّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ يَصْنَعُ فِي بَيْتِهِ؟ قَالَتْ: كَانَ يَكُونُ فِي مِهْنَةِ أَهْلِهِ -تَعْنِي خِدْمَةَ أَهْلِهِ-، فَإِذَا حَضَرَتِ الصَّلاَةُ خَرَجَ إِلَى الصَّلاَةِ.

Бухари жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Момундардын энеси Айшадан (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйдөгү абалы жөнүндө жана ал кандай иш кылат эле деп суралды. Айша: Ал адамдардын бири болчу, эркектер үйлөрүндө эмне иш кылса, ошону кылчу, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн кызматын кылчу. Кой саап, кийимин жамап, чокоюн жамап жана чакасын оңдоп жүрчү. Намаз убактысы келгенде, Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эч кечиктирбестен мечитке жөнөчү, — деди.

Хадистин пайдалары

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кичи пейилдигинин жеткилеңдиги жана үй-бүлөсүнө болгон жакшы мамилеси.

Дүйнө иштери пендени намаздан алаксытпашы керек.

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазды алгачкы убактысында окууга бекем туруусу.

Ибн Хажар минтип айткан: Бул хадисте кичи пейил болууга, текеберчиликти таштоого жана эркек кишинин өз үй-бүлөсүнө кызмат кылуусуна кызыктыруу бар.

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 136) (676).

Сахих ал-Бухари (1/ 136) (676).

Дагы (16)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 660).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 526).

شرح صحيح البخاري.

لابن بطال (2/ 296).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 516).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (1/ 660).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (3/ 526).

شرح صحيح البخاري.

لابن بطال (2/ 296).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمجموعة من الباحثين (1/ 516).