"Кишинин сарптаган акчасынын эң абзели: Үй бүлөсүнө сарптаган акчасы, Аллах жолунда казатка чыгуу үчүн ат-улоосуна сарптаган акчасы жана Аллах жолунда жүргөн жолдошторуна сарптаган акчасы".
Савбан (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кишинин сарптаган акчасынын эң абзели: Үй бүлөсүнө сарптаган акчасы, Аллах жолунда казатка чыгуу үчүн ат-улоосуна сарптаган акчасы жана Аллах жолунда жүргөн жолдошторуна сарптаган акчасы". (Хадисти риваят кылгандардын бири) Абу Килаба: "Алгач үй-бүлөдөн баштады" - деп, андан кийин Абу Килаба дагы сөзүн улай: "Жаш балдарын камсыз кылып, аларды сурануудан, муктаждыктан чыгаруудан өткөн сооптуу каржылоо болмок беле?!" - деди.
«أَفْضَلُ دِينَارٍ يُنْفِقُهُ الرَّجُلُ، دِينَارٌ يُنْفِقُهُ عَلَى عِيَالِهِ، وَدِينَارٌ يُنْفِقُهُ الرَّجُلُ عَلَى دَابَّتِهِ فِي سَبِيلِ اللهِ، وَدِينَارٌ يُنْفِقُهُ عَلَى أَصْحَابِهِ فِي سَبِيلِ اللهِ» قَالَ أَبُو قِلَابَةَ: وَبَدَأَ بِالْعِيَالِ، ثُمَّ قَالَ أَبُو قِلَابَةَ: وَأَيُّ رَجُلٍ أَعْظَمُ أَجْرًا مِنْ رَجُلٍ يُنْفِقُ عَلَى عِيَالٍ صِغَارٍ، يُعِفُّهُمْ أَوْ يَنْفَعُهُمُ اللهُ بِهِ وَيُغْنِيهِمْ.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каржылоону сүрөттөп, каржы кыла тургандар көп болсо, алардын эң зарылынан баштоо керектигин, ирети менен айтып берген. Каржылоонун сообу эң көбү - өзү каржылоого милдеттүү болгон адамдарга берилген каржы болот. Мисалы, аялына, баласына ж.б. Андан кийинкиси, Аллах жолундагы согушка даярдалган улоого кетирген каржысы. Андан кийин Аллах жолунда согушка кетип жаткан дос, жолдошторуна берген каржысы.
Жогорудагы тартип каржылоонун артыкчылыгына карай айтылганы, шартка жана зарылдыкка карап өзгөрүүсү мүмкүн.
Үй-бүлөнү каржылоо башка каржылоолорго караганда алдынкы орунда турат.
Аллах жолундагы согушка каржы берүү каржылоонун эң пайдалууларынын бири. Мисалы: курал-жарак, аскерлерди даярдоо сыяктуу.
Аллах жолунда деген сөз, ажылык кылуу сыяктуу таат-ибадаттарга да айтылат дегендер да бар.
Сахих Муслим (2/ 691) (994).
Дагы (8)
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (5/ 315).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 156).
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 291).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 374).
Китептерде келтирилген
3 КитептерДагы (2)
- رسالة موجزة عن الإسلام كما جاء في القرآن الكريم والسنة النبوية (مشتملة على الأدلة)رِسَالَةٌُ مُوجَزَةٌُ عَنِ الْإِسْلَامِ كَمَا جَاءَ فِي الْقُرْآنِ الْكَرِيمِ وَالسَّنَةِ النَّبَوِيَّة-مشتملة على الأدلة -للحرمين-«أَفْضَلُ دِينَارٍ يُنْفِقُهُ الرَّجُلُ: دِينَارٌ يُنْفِقُهُ عَلَى عِيَالِهِ، وَدِينَارٌ يُنْفِقُهُ الرَّجُلُ عَلَى دَابَّتِهِ فِي سَبِيلِ اللهِ، وَدِينَارٌ يُنْفِقُهُ عَلَى أَصْحَابِهِ فِي سَبِيلِ اللهِ» قَالَ أَبُو قِلَابَةَ: "وَبَدَأَ بِ
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 2«أَفْضلُ دِينَارٍ يُنْفِقُهُ الرَّجُلُ دينَارٌ يُنْفِقُهُ عَلَىٰ عِيَالِهِ، وَدِينَارٌ يُنْفِقُهُ عَلَىٰ دَابَّتِهِ في سَبيلِ الله، وَدِينَارٌ يُنفِقُهُ عَلَىٰ أصْحَابِهِ في سَبِيلِ الله».