Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) талбиясы: «Лаббайкаллаахумма лаббайк, лаббайка лаа шариика лака лаббайк, иннал хамда уан-ниъмата лака вал-мулк, лаа шариика лак».
Абдуллах ибн Умар (Аллах алардын ыраазы болсун) минтип айткан:
Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) талбиясы: «Лаббайкаллаахумма лаббайк, лаббайка лаа шариика лака лаббайк, иннал хамда уан-ниъмата лака вал-мулк, лаа шариика лак». Ал айтты: Абдуллах ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) буга (төмөндөгүлөрдү) кошот эле: «Лаббайка лаббайк, уа саъдайка, вал-хайру би-ядайка, лаббайка уар-рагбаау илайка уал-ъамал».
أَنَّ تَلْبِيَةَ رَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «لَبَّيْكَ اللهُمَّ، لَبَّيْكَ، لَبَّيْكَ لَا شَرِيكَ لَكَ لَبَّيْكَ، إِنَّ الْحَمْدَ وَالنِّعْمَةَ لَكَ وَالْمُلْكَ لَا شَرِيكَ لَكَ» قَالَ: وَكَانَ عَبْدُ اللهِ بْنُ عُمَرَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُمَا يَزِيدُ فِيهَا: لَبَّيْكَ لَبَّيْكَ، وَسَعْدَيْكَ، وَالْخَيْرُ بِيَدَيْكَ، لَبَّيْكَ وَالرَّغْبَاءُ إِلَيْكَ وَالْعَمَلُ.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ажы же умра амалына киришүүнү каалаганда талбияны минтип айтчу: (Лаббайкаллаахумма лаббайк) – Сен бизди калыс болууга, Өзүңдү жалгыз деп билүүгө (тоохидке), ажылыкка жана башка ибадаттарга чакырган соң, Сенин чакырыгыңа биринчи жолу жана андан кийин дагы кайра-кайра баш ийип, даяр экенимди билдирем. (Лаббайка лаа шарийка лака лаббайк) – Сен гана ибадатка татыктуусуң, Сенин Раббилик (жаратуучулук), Илахийлик (ибадатка татыктуулук) жана Өз ысым-сыпаттарыңда эч кандай шеригиң жок. (Иннал хамда) – Бардык мактоо, шүгүр жана алкоолор, (Уан ниъмата) – жана бардык нээмат-жакшылыктар Сен тараптан жана аны Берүүчү да Өзүңсүң, (Лака) – алардын баары кандай гана абал болбосун Сага гана багышталат. (Уал мулк) – Ошондой эле бүткүл бийлик жана мүлк да Сага гана таандык. (Лаа шарийка лак) – Бул айтылгандардын баарында Сенин эч кандай шеригиң жок, баары жалгыз Сага гана тиешелүү. Ал эми Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) ага минтип кошуп айтчу эле: (Лаббайка, лаббайка ва саъдайка) – Мага кайра-кайра бакыт тартуула! (Уал хайру биядайк) – Жакшылыктын бардыгы Сенин колуңда жана Сенин берешендигиңен. (Лаббайка вар рагбаау илайк) – Талап кылуу жана суроо жакшылык Өз колунда болгон Затка гана багытталат. (Уал амалу) Амал Сага гана арналат. Анткени Сен гана ибадатка татыктуусуң.
Ажы жана умрада талбия айтуу керек жана талбя ал экөөдө катуу бекемделген. Анткени такбир намаздын белгиси болгон сыяктуу эле, талбия да алардын өзгөчө белгиси болуп саналат.
Ибн Мунир айтты: "Талбия айтуунун шариятта бар болуусу Аллах Тааланын Өз пенделерин сыйлагандыгына эскертүү бар. Анткени алардын Анын үйүнө баруусу Аллахтын чакыруусу менен гана болгон."
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан талбияны бекем карманган жакшы. Бирок ага кошумча кылуунун тең эч зыяны жок, анткени Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны макул көргөн. Ибн Хажар бул тууралуу мындай деген: «Бул – эң туура көз караш. Демек, адам Пайгамбардан түздөн-түз келген (марфу) сөздөрдү өзүнчө бөлөк айтат. Ал эми сахабалардан келген (маукуф) сөздөрдү тандаса же өзүнөн ылайыктуу сөздөрдү кошо турган болсо, анда ал сөздөр Пайгамбардан келген (марфу) хадиске аралашып кетпеши үчүн, аны да өзүнчө айтуусу керек. Бул ташаххуддагы (намаздагы отуруш) дубанын абалына окшош. Анткени Пайгамбарыбыз ал жөнүндө: «Андан соң суроо-тилек жана мактоолордон каалаганын тандасын»,– деп айткан. Башкача айтканда, Пайгамбардан түздөн-түз келген (марфу) сөздөрдү айтып бүткөндөн кийин».
Үнүн көтөрүп талбия айтуу – мустахаб, бул эркек кишиге тиешелүү. Ал эми аял киши, фитнадан коркуп үнүн акырын чыгарат.
Сахих ал-Бухари (2/ 138) (1549).
Сахих Муслим (2/ 841) (1184).
Дагы (4)
تيسير العلام.
لعبد الله البسام (ص370).
تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.
لابن عثيمين (3/ 498).
Китептерде келтирилген
4 КитептерДагы (3)
- تطبيق القرآن والأذكارأذكار الحج والعمرة«لَبَّيْكَ اللهم لَبَّيْكَ، لَبَّيْكَ لَا شَرِيكَ لَكَ لَبَّيْكَ، إِنَّ الحَمْدَ وَالنِّعْمَةَ لَكَ وَالمُلْكَ، لَا شَرِيكَ لَكَ»([6]).
- ما لا يسع المسلم جهله«لَبَّيْكَ اللَّهُمَّ لَبَّيْكَ، لَبَّيْكَ لَا شَرِيكَ لَكَ لَبَّيْكَ، إِنَّ الْحَمْدَ وَالنِّعْمَةَ لَكَ وَالْمُلْكَ لَا شَرِيكَ لَكَ» [59].
- نبراس طالب (3)نبراس طالب 3«لَبَّيْكَ اللَّهُمَّ لَبَّيْكَ، لَبَّيْكَ لاَ شَرِيكَ لَكَ لَبَّيْكَ، إِنَّ الْحَمْدَ وَالنِّعْمَةَ لَكَ وَالْمُلْكَ، لاَ شَرِيكَ لَكَ»