Skip to content

Тигиндей-мындай деп айткан адамдарга эмне болгон? Бирок мен намаз да окуйм, уктайм дагы, орозо да кармайм, ооз да ачам жана аялдарга үйлөнөм. Ким менин сүннөтүмдөн жүз бурса, ал менден эмес.

Анас (Аллах андан ыраазы болсун) айтат:

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан бир нече адам анын аялдарынан жашыруун (көзгө көрүнбөгөн) амалдары жөнүндө сурашты. Андан соң алардын кээ бири: «Аялдарга үйлөнбөйм»,— десе, кээ бири: «Эт жебейм»,— деди, ал эми дагы бири: «Төшөккө жатып уктабайм»,— деди. Ошондо Пайгамбар Аллахка мактоо-алкыш айтып, минтип кайрылды: «Тигиндей-мындай деп айткан адамдарга эмне болгон?! Бирок мен намаз да окуйм, уктайм дагы, орозо да кармайм, оозумду да ачам, ошондой эле аялдарга да үйлөнөм. Ким менин сүннөтүмдөн жүз бурса, ал менден эмес».

أَنَّ نَفَرًا مِنْ أَصْحَابِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ سَأَلُوا أَزْوَاجَ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ عَنْ عَمَلِهِ فِي السِّرِّ؟ فَقَالَ بَعْضُهُمْ: لَا أَتَزَوَّجُ النِّسَاءَ، وَقَالَ بَعْضُهُمْ: لَا آكُلُ اللَّحْمَ، وَقَالَ بَعْضُهُمْ: لَا أَنَامُ عَلَى فِرَاشٍ، فَحَمِدَ اللهَ وَأَثْنَى عَلَيْهِ، فَقَالَ: «مَا بَالُ أَقْوَامٍ قَالُوا كَذَا وَكَذَا؟ لَكِنِّي أُصَلِّي وَأَنَامُ، وَأَصُومُ وَأُفْطِرُ، وَأَتَزَوَّجُ النِّسَاءَ، فَمَنْ رَغِبَ عَنْ سُنَّتِي فَلَيْسَ مِنِّي».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Сахабалардан (Аллах алардан ыраазы болсун) бир нече адам Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жубайларынын үйлөрүнө келип, анын үйүндөгү жашыруун ибадаттары тууралуу сурашты. Анан аларга бул тууралуу кабар берилгенде, алар муну аз көрүп (азсынып), минтип айтышты: «Биз кайдагы Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тең келмек элек?! Чынында, анын өткөн жана келечектеги күнөөлөрү кечирилген. Ал эми өзүнүн кечирилеринен бейкабар адам, балким ошол кечиримге ээ боломбу деген үмүт менен ибадатты өтө көп кылууга муктаж болот». Андан кийин алардын кээ бирлери: «Аялдарга үйлөнбөйм»,— дешти. Кээ бирлери: «Эт жебейм», - дешти. Кээ бирлери: «Төшөккө жатып уктабайм»,— дешти. Бул кабар Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жеткенде, ал ачууланып, адамдарга кутба кылды. Аллахка мактоо-даңктоо айткандан кийин минтип кайрылды: Тигиндей-мындай деп айткан адамдарга эмне болгон?! Аллахка ант болсун, мен силердин араңардан Аллахтан эң көп коркконуңармын жана Ага эң көп такыбалык кылганыңармын. Бирок мен түнкү ибадатка күч-кубат алуу үчүн уктаймын, орозо кармоого күч-кубат алуу үчүн ооз ачамын жана аялдарга үйлөнөмүн. Кимде-ким менин жолуман жүз бурса, жеткилеңдикти андан башкасынан издесе жана менин жолуман башка жолду тутса, анда ал менден эмес.

Хадистин пайдалары

Сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) жакшылыкты сүйүшкөн, ага умтулушкан жана Пайгамбарынан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үлгү алууга ынтызар болушкан.

Ислам шариятынын кечиримдүүлүгү жана жеңилдиги Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аткарган амалдарынан жана көрсөткөн жолунан алынган.

Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үлгү алууда жана анын улук абалдарына ээрчүүдө жакшылык жана береке бар.

Ибадаттарда өзүнө чамасы жетпеген деңгээлде аша чаап кетүүдөн кайтаруу керек жана бул динге жаңылык киргизүүчүлөрдүн (бидаатчылардын) абалы экенин эскертүү зарыл.

Ибн Хажар айтат: «Ибадатты ашыкча оорлотуп аткаруу — акыры барып аны таптакыр таштап коюуга себеп болуучу тажаган абалга алып келет. Ал эми, тескерисинче, дайыма парз амалдары менен гана чектелип, нафил ибадаттарды такыр аткарбоо — жалкоолукка бой алдырууга жана ибадатка болгон сергектиктин жоголушуна алып барат. Ошондуктан иштердин эң жакшысы — орточосу».

Мында улуу инсандардын үлгүлүү иш-аракеттерин тереңирээк билүү үчүн алардын өмүр жолун үйрөнүү маселеси камтылган. Эгерде кандайдыр бир маалыматты эркектерден сурап билүү мүмкүн болбосо, анда аны аялдардан сурап билүүгө да уруксат берилет.

Мында насаат айтуу, илимий маселелерди жеткирүү, мукаллафтарга (милдеткерлерге) шарият өкүмдөрүн баяндоо жана мужтахиддердин шек-күмөндөрүн жоюу маселелери камтылган.

Динде мусулман адам өз мойнундагы башкалардын акыларын сактоосу үчүн, ибадаттарды, анын ичинде парздар менен нафилдерди бекем аткаруу менен бирге, ибадат кылууда аша чаппоого (чектен чыкпоого) буйрулган.

Хадисте никенин артыкчылыгына жана ага үндөөгө далил бар.

Булактар

Сахих ал-Бухари (7/ 2) (5063).

Сахих Муслим (2/ 1020) (1401).

Дагы (4)

تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.

لعبد الله البسام (ص566).

خلاصة الكلام شرح عمدة الأحكام.

لفيصل آل مبارك (ص282).