Шамалды сөкпөгүлө! Эгер силерге жакпаган бир нерсени (катуу сокконун) көрсөңөр, анда мындай деп айткыла: «Оо, Аллахым! Биз Сенден бул шамалдын жакшылыгын, андагы жакшылыкты жана ага буюрулган нерсенин жакшылыгын сурайбыз. Ошондой эле Сенден бул шамалдын жамандыгынан, андагы жамандыктан жана ага буюрулган нерсенин жамандыгынан пана (коргоо) тилейбиз».
Убай ибн Кааб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
«Шамалды сөкпөгүлө! Эгер силерге жакпаган бир нерсени (катуу сокконун) көрсөңөр, анда мындай деп айткыла: "Оо, Аллахым! Биз Сенден бул шамалдын жакшылыгын, андагы жакшылыкты жана ага буюрулган нерсенин жакшылыгын сурайбыз. Ошондой эле Сенден бул шамалдын жамандыгынан, андагы жамандыктан жана ага буюрулган нерсенин жамандыгынан пана (коргоо) тилейбиз"».
«لاَ تَسُبُّوا الرِّيحَ، فَإِذَا رَأَيْتُمْ مَا تَكْرَهُونَ فَقُولُوا: اللَّهُمَّ إِنَّا نَسْأَلُكَ مِنْ خَيْرِ هَذِهِ الرِّيحِ وَخَيْرِ مَا فِيهَا وَخَيْرِ مَا أُمِرَتْ بِهِ، وَنَعُوذُ بِكَ مِنْ شَرِّ هَذِهِ الرِّيحِ وَشَرِّ مَا فِيهَا وَشَرِّ مَا أُمِرَتْ بِهِ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шамалды сөгүүдөн же каргап-шилеүүдөн тыйган. Анткени шамал өз Жаратуучусунун гана буйругун аткарат; ал кээде мээрим (жамгыр) алып келсе, кээде азап алып келет. Ошондуктан шамалды сөгүү — аны Жараткан Аллахты сөгүү жана Анын тагдырына нааразы болуу болуп саналат. Андан соң Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны Жараткан Аллахка гана кайрылууга үндөдү. Тагыраак айтканда, шамалдын жакшылыгын, андагы жакшылыкты жана анын жиберилишиндеги жакшылыктарды (мисалы: жамгыр алып келүүсүн, өсүмдүктөрдү чаңдаштыруусун ж.б.) суроого, ошондой эле анын жамандыгынан, андагы жамандыктан жана анын жиберилишиндеги жамандыктардан (мисалы: эгин-тегинди кыйратуусунан, мал-жандыктарды зыянга учуратуусунан, имараттарды бузуусунан ж.б.) Аллахтан пана тилөөгө чакырды. Ал эми дуба аркылуу Аллахтан гана суроодо — Анын алдындагы чыныгы кулчулукту (ибадатты) ишке ашыруу жатат».
Шамалды сөгүүгө болбойт. Анткени ал — жаратылып башкарылган нерсе. Ошондуктан аны сөгүү түздөн-түз Аны жаратып, башкарып жаткан Жаратканга барып такалат. Ал эми бул — тавхиддеги (бир кудайлуулук ишениминдеги) кемчилдик болуп саналат.
Аллахка кайтуу жана Өзү жараткан нерселердин жамандыгынан Андан коргоо суроо.
Шамал жакшылыкка буйрулган болот жана жамандыкка буйрулган болот.
Ибн Бааз айтат: «Шамалды сөгүү — күнөө иштердин катарына кирет. Анткени ал жаратылып, башкарылган нерсе, ошондой эле (Аллахтын каалоосу менен) жакшылык же жамандык менен жиберилет. Ошондуктан аны сөгүүгө таптакыр болбойт. Мисалы: "Аллах шамалга наалат айтсын!" , "Аллах шамалды жок кылсын!" же "Аллах бул шамалга береке бербесин!" сыяктуу сөздөрдү айтуудан алыс болуу керек. Тескерисинче, момун адам Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйрөткөн сүннөткө амал кылуусу тийиш».
Шамалды сөгүүгө тыюу салынгандай эле, Аллах Таала тарабынан жаратылып, башкарылып жаткан аптаптуу ысыкты, катуу суукту, күндү, чаңды жана ушул сыяктуу башка табият кубулуштарын сөгүүгө да тыюу салынат.
Сунан ат-Тирмизи (4/ 103) (2252).
Дагы (6)
الجديد في شرح كتاب التوحيد.
لمحمد القرعاوي (ص426).
الملخص في شرح كتاب التوحيد.
لصالح الفوزان (ص382).
القول المفيد على كتاب التوحيد.
لابن عثيمين (2/ 379).
Китептерде келтирилген
2 КитептерДагы (2)
- التوحيد في ضوء عقيدة الإمام الشافعي رحمه الله ونصوصه ومروياته"لا تسبوا الريح، فإذا رأيتم ما تكرهون فقولوا: اللهم إنا نسألك من خير هذه الريح وخير ما فيها، وخير ما أمرت به، ونعوذ بك من شر هذه الريح، وشر ما فيها، وشر ما أمرت به".([201])
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 8«لاَ تَسبُّوا الرِّيحَ، فَإذَا رَأَيْتُمْ مَا تكْرَهُونَ فَقُولُوا: اللهم إنَّا نَسْألُكَ مِنْ خَيْرِ هذِهِ الرِّيحِ وَخَيْرِ مَا فِيهَا وَخَيْرِ مَا أُمِرَتْ بِهِ، وَنَعُوذُ بِكَ مِن شَرِّ هذِهِ الرِّيحِ وَشَرِّ مَا فِيهَا وَشَرِّ مَا أُمِ