Аманаты болбогондун ыйманы жок, келишимди аткарбагандын дини жок.
- التصنيف الشرعي
- الفضائل والآدابفقه الأخلاقالأخلاق الحميدة
Анас ибн Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын Пайгамбары (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге хутба кылганда сөзсүз мынтип айткан:
"Аманаты болбогондун ыйманы жок, келишимди аткарбагандын дини жок."
«لَا إِيمَانَ لِمَنْ لَا أَمَانَةَ لَهُ، وَلَا دِينَ لِمَنْ لَا عَهْدَ لَهُ».
Анас ибн Малик (Аллах андан ыраазы болсун) кабарлайт: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хутба кылганда же насаат айтканда эки нерсени эскербеген учуру аз эле: Биринчиси: Кимдин напсисинде бирөөнүн малына, жанына же үй-бүлөсүнө карата кыянаттыгы болсо, анын ыйманы толук болбойт. Экинчиси: Келишимдерге жана убадаларга кыянат кылып, аларды бузган адамдын дини толук эмес.
Аманатты жана убаданы аткарууга үндөө, анткени аларды бузуу ыйманды кемитет.
Аманатка кыянатчылык кылуудан жана келишимди бузуудан эскертүү, ошондой эле мунун чоң күнөөлөрдөн экендиги.
Хадис Аллах менен пендесинин ортосундагы жана адамдардын бири-биринин ортосундагы аманатты жана убаданы сактоону өзүнө камтыйт.
Муснад Ахмад (19/ 375) (12383).
Муснад Ахмад (19/ 375) (12383).
Дагы (2)
فيض القدير (6/ 381).
فيض القدير (6/ 381).