"Күн чыгардан мурда жана Күн батардан мурда намаз окугандар тозокко кирбейт".
Абу Зухайр Умара бин Руайба (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Күн чыгардан мурда жана Күн батардан мурда намаз окугандар тозокко кирбейт".
«لَنْ يَلِجَ النَّارَ أَحَدٌ صَلَّى قَبْلَ طُلُوعِ الشَّمْسِ وَقَبْلَ غُرُوبِهَا»
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип кабарлайт: багымдат жана дигер намаздарын такай калтырбай окуган адам тозокко кирбейт. Бул эки намазды баса белгилеп айткан себеби; бул намаздар окууга оор намаздар болуп эсептелет. Багымдат намазы уйку кызып, таттуу болгон учурда болот. Дигер намазы күндүзү иш кызып, эл алагды болгон учурга туш келет. Кимде-ким ушул эки намаздын машакатына чыдап такай окуп жүрсө, анда башка намаздарын да сактай алат.
Багымдат жана Дигер намаздарынын артыкчылыгы. Бул эки намазды такай окуп жүрүү зарыл.
Кимде-ким бул эки намазды такай окуса, көбүнчө жалкоолуктан жана риядан оолак болуп, ибадат кылууну жакшы көрөт.
Сахих Муслим (1/ 440) (634).
Китептерде келтирилген
4 КитептерДагы (4)
- الأربعون في تعظيم قدر الصلاةالأربعون في تعظيم قدر الصلاة «لَنْ يَلِـــجَ ([18])النَّارَ أَحَـــدٌ صَــلَّى قَبْلَ طُلُوعِ الشَّمْسِ، وَقَبْلَ غُرُوبِهَـا».
- الخطب المنبريةموسوعة الخطب المنبرية (القسم الثالث)«لَنْ يَلِجَ النَّارَ أَحَدٌ صَلَّى قَبْلَ طُلُوعِ الشَّمْسِ وَقَبْلَ غُرُوبِهَا».
- المنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح - المعتمدالمنتقى من المتجر الرابح في ثواب العمل الصالح“لن يَلِجَ النارَ أحدٌ صلى قبل طلوع الشمس، وقبل غروبها”
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 5«لَنْ يَلجَ النَّارَ أَحَدٌ صلَّىٰ قَبْلَ طُلوعِ الشَّمْسِ وَقَبْلَ غُرُوبِهَا» يَعْني الفَجْرَ وَالعَصْرَ.