"Тилиң ар дайым Аллахты зикир кылуу менен нымдалып турсун".
Абдуллах бин Буср (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Бир киши келип: Оо, Аллахтын элчиси, мага Ислам шариятындагы (напил) амалдарды аткаруу көптүк кылып жатат. Мен дайыма аткарып жүрө турган (жеңил) ибадатты айтчы - деди. Аллахтын элчиси ага мындай деди:
"Тилиң ар дайым Аллахты зикир кылуу менен нымдалып турсун".
«لاَ يَزَالُ لِسَانُكَ رَطْبًا مِنْ ذِكْرِ اللَّهِ».
Бир киши Аллахтын элчисине келип, напил ибадаттарды аткарууга алсыздык кылып жатканын айтып даттанат. Анан Аллахтын элчисинен ага аткарууга жеңил, сообу көп бир ибадатты үйрөтүүсүн суранат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бардык убакта жана абалда Аллахка тасбих айтып, мактоо айтып, кечирим тилеп, дуба кылып тили кыймылдап, нымдалып туруусун айтып жол көрсөтөт.
Аллах Тааланы дайыма зикир кылуунун артыкчылыгы.
Соопко жетүүнүн жолдорун жеңил кылганы Аллах Тааланын берешендигинен.
Пенделердин жакшылыктагы насиптери да ар түрдүү болот.
Аллах Таалага тасбих, мактоо, тахлил, такбир ж.б. зикирлерди ар дайым тил менен айтып, жүрөк менен тастыктоо башка көптөгөн напил ибадаттардын ордуна жүрөт.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар дайым өзүнө суроо бергендердин абалын эске алып, ар бирине шартына, мүмкүнчүлүгүнө жараша жооп берген.
Сунан ат-Тирмизи (5/ 388) (3375).
Сунан Ибн Маажа (4/ 707) (3793).
Муснад Ахмад (29/ 226) (17680).
Дагы (8)
جامع العلوم والحكم في شرح خمسين حديثا من جوامع الكلم.
لابن رجب الحنبلي (2/ 510).
التحفة الربانية في شرح الأربعين حديثًا النووية.
لإسماعيل الأنصاري (ص104).
فتح القوي المتين في شرح الأربعين وتتمة الخمسين.
للنووي وابن رجب (ص154).
الأحاديث الأربعون النووية وعليها الشرح الموجز المفيد.
لعبد الله بن صالح المحسن (ص93).
Китептерде келтирилген
4 КитептерДагы (4)
- الذكر والدعاء والعلاج بالرقي من الكتاب والسنةيا رسول الله إن شرائع الإسلام قد كثرت عليَّ فأخبرني بشيءٍ أتشبث به. قال: "لا يزال لسانك رطباً من ذكر الله".
- حصن المسلم من أذكار الكتاب والسنةحصن المسلم«لَا يَزَالُ لِسَانُكَ رَطْبًا مِنْ ذِكْرِ اللَّهِ»[9]،
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 7«لايزالُ لسانُكَ رطباً من ذكر الله».
- نبراس طالب (2)نبراس طالب (2) «لَا يَزَالُ لِسَانُكَ رَطْبًا مِنْ ذِكْرِ اللَّهِ»