Skip to content

Аллах мурунку менен кийинки адамдардын баарын бир түзөң жерге чогултат. Чакыруучунун үнү алардын баарына угулат жана караган көз алардын баарын өзүнө камтыйт (баары бирдей көрүнүп турат). Күн абдан жакындайт. Ошондо адамдар чыдай алгыс жана көтөрө алгыс оор кайгы-капага, кыйынчылыкка батышат.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эт алып келинип, ага кар жилик сунулду. Ал аны жакшы көрчү. Андан бир тиштеп алды да, андан соң мындай деди:

«Мен кыямат күнү адамдардын мырзасы боломун. Анын себеби эмнеде экенин билесиңерби? Аллах мурунку жана кийинки бардык адамдарды бир түзөң жерге чогултат. Чакыруучунун үнү аларга угулат жана караган көз алардын баарын өзүнө камтыйт (баары бирдей көрүнүп турат). Күн жакындап, адамдар чыдай алгыс жана көтөрө алгыс кайгыга, кыйынчылыкка туш болушат. Ошондо адамдар: "Башыбызга түшкөн бул (оор) абалды көрбөйсүңөрбү? Раббиңердин алдында силерге шапаат кыла турган бирөөнү издебейсиңерби?" - дешет. Анан адамдардын кээ бирлери бири-бирине: "Адамга (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) баргыла", - дешет. Алар Адамга келип, мындай дешет: "Сен адамзаттын атасысың, Аллах сени Өз колу менен жараткан, сага Өз рухунан үйлөгөн жана периштелерге буйрук берип, алар сага сажда кылышкан. Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл!Биздин кандай абалда экенибизди көрүп турбайсыңбы? Башыбызга кандай мүшкүл түшкөнүн көрбөйсүңбү?". Ошондо Адам: "Чындыгында, Раббим бүгүн ушунчалык катуу ачууланды. Ал буга чейин мындай катуу ачууланган эмес жана мындан кийин да эч качан мындай катуу ачууланбайт. Ал мага даракка жакындабоого буйруган эле, бирок мен Анын буйругун аткарбай койдум. Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! (Бүгүн мен өзүмдү гана ойлоп жатам). Менден башкага, Нухка баргыла!", - дейт. Анан алар Нухка келип: "Эй, Нух! Сен жер жүзүндөгүлөргө жөнөтүлгөн элчилердин эң биринчисисиң. Аллах сени "шүгүр кылуучу пенде" деп атаган. Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл! Биздин кандай абалда экенибизди көрүп турбайсыңбы?" - дешет. Ал: "Чындыгында, Кудуреттүү, Улук Раббим бүгүн ушунчалык катуу ачууланды. Ал буга чейин мындай катуу ачууланган эмес жана мындан кийин да эч качан мындай катуу ачууланбайт. Менин бир дубам бар эле, аны өз коомума каршы кылганмын. Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! (Бүгүн мен өзүмдү гана ойлоп жатам). Менден башкага, Ибрахимге баргыла!", - дейт. Анан алар Ибрахимге келип: "Эй, Ибрахим! Сен жер жүзүндөгүлөрдүн арасынан Аллахтын пайгамбары жана Анын халилисиң (сүйүктүү досусуң). Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл! Биздин кандай абалда экенибизди көрүп турбайсыңбы?" - дешет. Ошондо ал аларга: "Чындыгында, Раббим бүгүн ушунчалык катуу ачууланды. Ал буга чейин мындай катуу ачууланган эмес жана мындан кийин да эч качан мындай катуу ачууланбайт. Чындыгында, мен үч жолу жалган сүйлөп алгам. Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! (Бүгүн мен өзүмдү гана ойлоп жатам). Менден башкага, Мусага баргыла!", - дейт. Анан алар Мусага келип: "Эй, Муса! Сен Аллахтын элчисисиң. Аллах Өзүнүн элчилиги жана сени менен сүйлөшүүсү аркылуу сени адамдардан абзел кылды. Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл! Биздин кандай абалда экенибизди көрүп турбайсыңбы?" - дешет. Ал: "Чындыгында, Раббим бүгүн ушунчалык катуу ачууланды. Ал буга чейин мындай катуу ачууланган эмес жана мындан кийин да эч качан мындай катуу ачууланбайт. Мен буйрук берилбеген бир жанды өлтүрүп алгам. Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! (Бүгүн мен өзүмдү гана ойлоп жатам). Менден башкага, Марямдын уулу Исага баргыла!", - дейт. Анан алар Исага келип: "Эй, Иса! Сен Аллахтын элчисисиң жана Анын Марямга таштаган сөзү жана Андан болгон рухсуң. Сен бешикте жаткан наристе кезиңде эле адамдарга сүйлөгөнсүң. Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл! Биздин кандай абалда экенибизди көрүп турбайсыңбы?" - дешет. Иса: "Чындыгында, Раббим бүгүн ушунчалык катуу ачууланды. Ал буга чейин эч качан мындай катуу ачууланган эмес жана мындан кийин да эч качан мындай катуу ачууланбайт", - деп, эч кандай күнөөсүн эстебестен: "Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! Өзүмдүн гана жаным! (Бүгүн мен өзүмдү гана ойлоп жатам). Менден башкага, Мухаммадга баргыла!", - дейт. Анан алар Мухаммадга келип: "Эй, Мухаммад! Сен Аллахтын элчисисиң жана пайгамбарлардын акыркысысың (мөөрүсүң). Аллах сенин мурунку жана кийинки бардык күнөөлөрүңдү кечирген. Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл! Биздин кандай абалда экенибизди көрүп турбайсыңбы?" - дешет. Ошондо мен барып, Арштын астына келемин да, Кудуреттүү, Улук Раббиме сажда кылып жыгыламын. Андан кийин Аллах мага мурда эч кимге ачпаган Өзүнүн мактоолорун жана эң сонун даңктоолорун ачып берет (илхам кылат). Андан соң: "Оо, Мухаммад! Башыңды көтөр! Сура, сага берилет. Шапаат кыл, шапаатың кабыл кылынат", - деп айтылат. Ошондо башымды көтөрүп: "Оо, Раббим! Менин үммөтүм! Оо, Раббим! Менин үммөтүм! Оо, Раббим! Менин үммөтүм!" - деймин. Анан: "Оо, Мухаммад! Үммөтүңдүн арасынан суракка тартылбай тургандарын Бейиштин эшиктеринин ичинен эң оң тараптагы эшиктен киргиз. Алар башка эшиктерден кирүүдө да адамдар менен ортоктош", - деп айтылат. Андан кийин Пайгамбарыбыз: "Жаным Анын колунда болгон Затка ант ичем! Чындыгында, Бейиш эшиктеринин эки капкагынын ортосундагы аралык Мекке менен Химьярдын ортосундагы аралыктай – же Мекке менен Бусранын ортосундагы аралыктай" - деди».

«أَنَا سَيِّدُ النَّاسِ يَوْمَ القِيَامَةِ، وَهَلْ تَدْرُونَ مِمَّ ذَلِكَ؟ يَجْمَعُ اللَّهُ النَّاسَ الأَوَّلِينَ وَالآخِرِينَ فِي صَعِيدٍ وَاحِدٍ، يُسْمِعُهُمُ الدَّاعِي وَيَنْفُذُهُمُ البَصَرُ، وَتَدْنُو الشَّمْسُ، فَيَبْلُغُ النَّاسَ مِنَ الغَمِّ وَالكَرْبِ مَا لاَ يُطِيقُونَ وَلاَ يَحْتَمِلُونَ، فَيَقُولُ النَّاسُ: أَلاَ تَرَوْنَ مَا قَدْ بَلَغَكُمْ، أَلاَ تَنْظُرُونَ مَنْ يَشْفَعُ لَكُمْ إِلَى رَبِّكُمْ؟ فَيَقُولُ بَعْضُ النَّاسِ لِبَعْضٍ: عَلَيْكُمْ بِآدَمَ، فَيَأْتُونَ آدَمَ عَلَيْهِ السَّلاَمُ فَيَقُولُونَ لَهُ: أَنْتَ أَبُو البَشَرِ، خَلَقَكَ اللَّهُ بِيَدِهِ، وَنَفَخَ فِيكَ مِنْ رُوحِهِ، وَأَمَرَ المَلاَئِكَةَ فَسَجَدُوا لَكَ، اشْفَعْ لَنَا إِلَى رَبِّكَ، أَلاَ تَرَى إِلَى مَا نَحْنُ فِيهِ، أَلاَ تَرَى إِلَى مَا قَدْ بَلَغَنَا؟ فَيَقُولُ آدَمُ: إِنَّ رَبِّي قَدْ غَضِبَ اليَوْمَ غَضَبًا لَمْ يَغْضَبْ قَبْلَهُ مِثْلَهُ، وَلَنْ يَغْضَبَ بَعْدَهُ مِثْلَهُ، وَإِنَّهُ قَدْ نَهَانِي عَنِ الشَّجَرَةِ فَعَصَيْتُهُ، نَفْسِي نَفْسِي نَفْسِي، اذْهَبُوا إِلَى غَيْرِي، اذْهَبُوا إِلَى نُوحٍ، فَيَأْتُونَ نُوحًا فَيَقُولُونَ: يَا نُوحُ، إِنَّكَ أَنْتَ أَوَّلُ الرُّسُلِ إِلَى أَهْلِ الأَرْضِ، وَقَدْ سَمَّاكَ اللَّهُ عَبْدًا شَكُورًا، اشْفَعْ لَنَا إِلَى رَبِّكَ، أَلاَ تَرَى إِلَى مَا نَحْنُ فِيهِ؟ فَيَقُولُ: إِنَّ رَبِّي عَزَّ وَجَلَّ قَدْ غَضِبَ اليَوْمَ غَضَبًا لَمْ يَغْضَبْ قَبْلَهُ مِثْلَهُ، وَلَنْ يَغْضَبَ بَعْدَهُ مِثْلَهُ، وَإِنَّهُ قَدْ كَانَتْ لِي دَعْوَةٌ دَعَوْتُهَا عَلَى قَوْمِي، نَفْسِي نَفْسِي نَفْسِي، اذْهَبُوا إِلَى غَيْرِي، اذْهَبُوا إِلَى إِبْرَاهِيمَ، فَيَأْتُونَ إِبْرَاهِيمَ فَيَقُولُونَ: يَا إِبْرَاهِيمُ أَنْتَ نَبِيُّ اللَّهِ وَخَلِيلُهُ مِنْ أَهْلِ الأَرْضِ، اشْفَعْ لَنَا إِلَى رَبِّكَ أَلاَ تَرَى إِلَى مَا نَحْنُ فِيهِ، فَيَقُولُ لَهُمْ: إِنَّ رَبِّي قَدْ غَضِبَ اليَوْمَ غَضَبًا لَمْ يَغْضَبْ قَبْلَهُ مِثْلَهُ، وَلَنْ يَغْضَبَ بَعْدَهُ مِثْلَهُ، وَإِنِّي قَدْ كُنْتُ كَذَبْتُ ثَلاَثَ كَذِبَاتٍ، نَفْسِي نَفْسِي نَفْسِي، اذْهَبُوا إِلَى غَيْرِي، اذْهَبُوا إِلَى مُوسَى فَيَأْتُونَ، مُوسَى فَيَقُولُونَ: يَا مُوسَى أَنْتَ رَسُولُ اللَّهِ، فَضَّلَكَ اللَّهُ بِرِسَالَتِهِ وَبِكَلاَمِهِ عَلَى النَّاسِ، اشْفَعْ لَنَا إِلَى رَبِّكَ، أَلاَ تَرَى إِلَى مَا نَحْنُ فِيهِ؟ فَيَقُولُ: إِنَّ رَبِّي قَدْ غَضِبَ اليَوْمَ غَضَبًا لَمْ يَغْضَبْ قَبْلَهُ مِثْلَهُ، وَلَنْ يَغْضَبَ بَعْدَهُ مِثْلَهُ، وَإِنِّي قَدْ قَتَلْتُ نَفْسًا لَمْ أُومَرْ بِقَتْلِهَا، نَفْسِي نَفْسِي نَفْسِي، اذْهَبُوا إِلَى غَيْرِي، اذْهَبُوا إِلَى عِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ، فَيَأْتُونَ عِيسَى، فَيَقُولُونَ: يَا عِيسَى أَنْتَ رَسُولُ اللَّهِ، وَكَلِمَتُهُ أَلْقَاهَا إِلَى مَرْيَمَ وَرُوحٌ مِنْهُ، وَكَلَّمْتَ النَّاسَ فِي المَهْدِ صَبِيًّا، اشْفَعْ لَنَا إِلَى رَبِّكَ أَلاَ تَرَى إِلَى مَا نَحْنُ فِيهِ؟ فَيَقُولُ عِيسَى: إِنَّ رَبِّي قَدْ غَضِبَ اليَوْمَ غَضَبًا لَمْ يَغْضَبْ قَبْلَهُ مِثْلَهُ قَطُّ، وَلَنْ يَغْضَبَ بَعْدَهُ مِثْلَهُ، وَلَمْ يَذْكُرْ ذَنْبًا، نَفْسِي نَفْسِي نَفْسِي اذْهَبُوا إِلَى غَيْرِي اذْهَبُوا إِلَى مُحَمَّدٍ، فَيَأْتُونَ مُحَمَّدًا فَيَقُولُونَ: يَا مُحَمَّدُ أَنْتَ رَسُولُ اللَّهِ وَخَاتِمُ الأَنْبِيَاءِ، وَقَدْ غَفَرَ اللَّهُ لَكَ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِكَ وَمَا تَأَخَّرَ، اشْفَعْ لَنَا إِلَى رَبِّكَ أَلاَ تَرَى إِلَى مَا نَحْنُ فِيهِ، فَأَنْطَلِقُ فَآتِي تَحْتَ العَرْشِ، فَأَقَعُ سَاجِدًا لِرَبِّي عَزَّ وَجَلَّ، ثُمَّ يَفْتَحُ اللَّهُ عَلَيَّ مِنْ مَحَامِدِهِ وَحُسْنِ الثَّنَاءِ عَلَيْهِ شَيْئًا، لَمْ يَفْتَحْهُ عَلَى أَحَدٍ قَبْلِي، ثُمَّ يُقَالُ: يَا مُحَمَّدُ ارْفَعْ رَأْسَكَ سَلْ تُعْطَهْ، وَاشْفَعْ تُشَفَّعْ فَأَرْفَعُ رَأْسِي، فَأَقُولُ: أُمَّتِي يَا رَبِّ، أُمَّتِي يَا رَبِّ، أُمَّتِي يَا رَبِّ، فَيُقَالُ: يَا مُحَمَّدُ أَدْخِلْ مِنْ أُمَّتِكَ مَنْ لاَ حِسَابَ عَلَيْهِمْ مِنَ البَابِ الأَيْمَنِ مِنْ أَبْوَابِ الجَنَّةِ، وَهُمْ شُرَكَاءُ النَّاسِ فِيمَا سِوَى ذَلِكَ مِنَ الأَبْوَابِ، ثُمَّ قَالَ: وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ، إِنَّ مَا بَيْنَ المِصْرَاعَيْنِ مِنْ مَصَارِيعِ الجَنَّةِ، كَمَا بَيْنَ مَكَّةَ وَحِمْيَرَ -أَوْ كَمَا بَيْنَ مَكَّةَ وَبُصْرَى-».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары менен бирге тамакка чакырылган жерде болчу. Ага койдун кол жилини тартылды. Бул анын эң жакшы көргөн эти эле. Анан андан тиштеринин учу менен бир тиштеп алып, аларга кайрылып мындай деди: Мен кыямат күнү Адам баласынын мырзасы болом, муну мактануу үчүн эмес, Аллах Тааланын мага берген нээмат-жакшылыгын билдирүү иретинде айтам. Анан ал (Пайгамбарыбыз) сурады: «Мунун себеби эмнеде экенин билесиңерби?» — деп, өзү минтип түшүндүрдү: «Анткени кыямат күнүндө адамдардын баары кенен, тегиз жана бирдей созулган (Махшар) талаасына чогултулат. Ал жерде чакыруучунун үнү баарына бирдей угулат жана караган адамга алардын бардыгы даана көрүнөт, эч ким көз жаздымда калбайт. Жердин түздүгүнөн улам, эч бир жан жашына алгыдай жер таппайт жана бир эле көз караш алардын баарын өзүнө камтыйт. Эгер бирөө сүйлөсө, анын үнүн эң четтеги акыркы адам да уга алат. Ошол күнү күн макулуктарга бир мил аралыкка чейин жакындайт. Ошондо адамдар чыдагыс, көтөрө алгыс оор кайгыга, тынчсызданууга жана коркунучка батышат. Мына ушундай айласыз абалда калышканда, алар өздөрүнө шапаатчы издеп, бул азаптан кутулуунун жолун издей башташат». Аллах Таала ыймандуулардын жүрөгүнө адамзаттын атасы Адамга (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) барууну илхам кылат. Адамдар Аллахтын алдында өздөрүнө шапаатчы болуусун үмүт кылып ага келишет да, анын улуу касиеттерин ортого салып: «Эй, Адам! Сен адамзаттын атасысың. Аллах сени Өз колу менен жаратып, периштелерди сага сажда кылдырган, сага бардык нерсенин аталышын үйрөткөн жана Өзү жараткан рухтан сага үйлөгөн» — деп жалбарышат. Ошондо ал (Адам) өзүнүн себебин айтып: "Чындыгында, Раббим бүгүн ушунчалык катуу ачууланды. Ал буга чейин мындай катуу ачууланган эмес жана мындан кийин да эч качан мындай катуу ачууланбайт", - дейт. Андан соң Аллах тыюу салган дарактын жемишинен жеп алган катасын эскерип: «Азыр мен өзүм гана ойлоп жатам! (Өзүмдүн гана жаным!). Менден башкага, Нухка баргыла!» - деп жооп берет. Анан алар Нухка келишип: «Сен Аллахтын жер элине жиберген эң биринчи элчисиң жана Аллах сени шүгүр кылуучу пенде деп атаган», - деп айтышат. Бирок ал адамдарга бир себеп айтып: "Чындыгында, Улуу Раббим бүгүн ушунчалык катуу ачууланды. Ал буга чейин мындай катуу ачууланган эмес жана мындан кийин да эч качан мындай катуу ачууланбайт. Менин коомума каршы кылган бир дубам бар эле. Менин өзүм шапаат кылынышына муктажмын. Менден башкага, Ибрахимге баргыла!» -дейт. Анан алар Ибрахимге келишип: «Сен Жер бетиндеги Аллахтын Халилисиң (досусуң). Раббиңден биз үчүн шапаат тилечи. Биздин кандай абалда экенибизди көрбөй турасыңбы?!» – дешет. Ал аларга: «Чындыгында, бүгүн Раббим ушунчалык катуу ачууланды. Ал буга чейин мындай ачууланган эмес жана мындан кийин да эч качан мындай катуу ачууланбайт. Чындыгында, мен (жашоомдо) үч жолу калп айткан элем», – деп жооп берет. Ал айткан калптар төмнкүлөр эле: анын «Мен оорулуумун» деген сөзү, «Муну алардын ушул чоңу кылды» деген сөзү жана аялы Саараны залимдин жамандыгынан аман алып калуу үчүн: «Ага мени агам деп айт» деген сөздөрү болчу. Акыйкатта, ал үч сөз каймана мааниде айтылган сөздөр болгон. Бирок алардын көрүнүшү жалганга окшош болгондуктан, ал шапаат кылуудан өзүн төмөн көрүп, алардан чочулаган. Анткени ким Аллахты көбүрөөк таанып, даражасы жакын болсо, ал ошончолук көбүрөөк коркот. Ал: «Менин өзүм шапаат кылынууга татыктуумун, менден башкага, Мусага баргыла!», - деп айтат. кара с саяАлар Мусага келип: «Эй, Муса! Сен Аллахтын элчисисиң. Аллах Өзүнүн элчилиги жана сөзү (сүйлөшүүсү) менен сени адамдардан өзгөчөлөп, жогору кылды. Раббиңден биз үчүн шапаат тилечи! Биздин кандай абалда экенибизди көрбөй турасыңбы?!» – дешет. Анда ал (Муса): «Чындыгында, Улуу Раббим бүгүн ушунчалык катуу ачууланды. Ал буга чейин мындай катуу ачууланган эмес жана мындан кийин да эч качан мындай катуу ачууланбайт. Чындыгында, мен өзүмө өлтүрүүгө буйрук берилбеген бир жанды өлтүрүп алган элем. Азыр менин өзүм шапаат кылынууга татыктуумун. Менден башкага, Мариям уулу Исага баргыла!», – деп жооп берет. Анан алар Исага келип: «Эй, Иса! Сен Аллахтын элчисисиң, Анын Мариямга таштаган сөзүсүң жана Андан болгон рухсуң, ошондой эле бешикте жаткан бала кезиңде адамдарга сүйлөгөнсүң. Жаратуучуңа биз үчүн шапаат тилечи! Биздин кандай абалда турганыбызды көрбөй турасыңбы?!» – дешет. Ошондо ал эч бир күнөөсүн эскербестен: «Чындыгында, бүгүн Раббим ушунчалык катуу ачууланды. Ал буга чейин мындай ачууланган эмес жана мындан кийин да эч качан мындай катуу ачууланбайт. Шапаат кылынууга менин өзүм муктажмын. Менден башкага, Мухаммадга баргыла!» – деп айтат. Анан алар Мухаммадка келип: «Эй, Мухаммад! Сен Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысысың. Аллах сенин мурунку жана кийинки күнөөлөрүңдү кечирген. Раббиңдин алдында биз үчүн шапаат кылчы! Биздин кандай абалда экенибизди көрбөй турасыңбы?!» – дешет. Анан мен жөнөп, Арштын астына келем да, Улуу Раббиме сажда кылып жыгылам. Андан соң Аллах мага Өзүн мактоонун жана Ага эң көркөм алкыш айтуунун (буга чейин) менден мурун эч кимге ачпаган сырларын, улуу сөздөрүн ачат. Андан кийин мага: «Эй, Мухаммад! Башыңды көтөр. Сура – сага берилет, шапаат кыл – шапаатың кабыл кылынат!» – деп айтылат. Анан мен башымды көтөрүп: «Оо, Раббим, үммөтүм! Оо, Раббим, үммөтүм! Оо, Раббим, үммөтүм!» – дейм. Ошентип, Анын (Мухаммаддын) шапааты кабыл кылынат. Ага айтылат: «Эй, Мухаммад! Үммөтүңдөн суракка тартылбай тургандарды бейиш эшиктеринин оң тараптагы эшигинен киргиз! Ал эми андан башка эшиктерде да алар адамдар менен шериктеш». Анан ал айтты: «Менин жаным Анын колунда болгон Затка (Аллахка) касам! Чындыгында, Бейиш эшигинин эки капкагынын (капталдарынын) ортосундагы аралык Мекке менен Йемендеги Санаа шаарынын ортосундай же Мекке менен Шамдагы (Хавран аймагындагы) Бусра шаарынын ортосундай аралыкка тең».

Хадистин пайдалары

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кичи пейилдиги, чакырууну кабыл алуусу жана жалпы сахабалары менен бирге тамактануусу.

Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бардык адамдардан артыкчылыгы.

Казы Ийад айткан: «Төрө (жол башчы, мырза) деп – өз коомунан жогору турган жана кыйынчылыктар пайда болгондо эл ага кайрыла турган улуу инсанды айтышат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул дүйнөдө да, акыретте да бүткүл адамзаттын төрөсү (мырзасы). Ал эми хадисте Кыямат күнүнүн өзгөчө белгиленишинин себеби – ал күнү анын төрөлүк (жол башчылык) макамы өтө бийик болуп, бардыгы ага моюн суна тургандыгында, ошондой эле Адам ата жана анын бардык урпактары Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туусунун астында чогула тургандыгында».

Аллах Тааланын аларга башында Адамдан, андан соң андан кийинкилерден суранууну илхам кылып, ал эми пайгамбарыбыз Мухаммаддан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) суранууну илхам кылбаганынын сыры – анын абзелдигин көрсөтүү үчүн. Анткени, ал жогорку даражанын жана жакындыктын толуктугунун эң бийик чеги.

Эгерде адам бир пендеден муктаждыгын сурай турган болсо, суранычы кабыл болуусу үчүн алгач суралып жаткан адамдын эң жакшы сыпаттарын айтуусу сунушталат.

Суралган адам колунан келбеген иш тууралуу суралса, кабыл боло турган жүйөлүү себеп айтып үзүр билдирүүсүнө уруксат берилет жана аны ал иш колунан көбүрөөк келет деп ойлогон адамга багыттаганы жакшы.

Кыямат күнүндөгү абалдын коркунучтуулугу жана Махшардын пенделерге катуулугу баяндалган.

Пайгамбарлардын кичи пейилдиги, анткени алар өздөрүнүн бул даражага татыксыз экенин сезүү үчүн өткөн иштерин эске алышты.

Кыямат күнү улуу шапааттын болорун жана анын макулуктардын ортосунда өкүм чыгаруу үчүн экендигин тастыктоо.

Аллахтын элчиси үчүн (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) «Васила» жана «Макамы Махмуд» даражаларынын тастыкталып бекемделиши.

Аллах Таалага айтыла турган мактоолор эч качан түгөнбөйт. Ошондуктан Аллах бул улуу макамда Пайгамбарына буга чейин эч бир макулукка билдирбеген (ачпаган) эң көркөм, эң улуу мактоолорду ачып берет.

Мухаммад пайгамбардын үммөтү – үммөттөрдүн эң жакшысы. Бейишке кирүүдө аларга гана таандык өзгөчөлүктөр бар: алардын суракка тартылбай тургандары өздөрүнө гана тиешелүү эшиктен киришет. Ал эми калган эшиктерден башка адамдар менен бирге киришет.

Булактар

Сахих ал-Бухари (6/ 84) (4712).

Сахих Муслим (1/ 184) (194).

Дагы (8)

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (3/ 324).

تطريز رياض الصالحين.

لفيصل آل مبارك (ص1057).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (6/ 697).

نزهة المتقين.

لمجموعة من الباحثين (2/ 1265).