Skip to content

Кимде-ким бир күндө жүз жолу: "Лаа илааха иллаллааху, вахдаху лаа шариика лах, лахул-мулку ва лахул-хамду, ва хува ъалаа кулли шай-ин кодиир" — деп айтса.

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

«Кимде-ким бир күндө жүз жолу: "Лаа илааха иллаллааху, вахдаху лаа шариика лах, лахул-мулку ва лахул-хамду, ва хува ъалаа кулли шай-ин кодиир" — деп айтса, ал үчүн он кулду эркиндикке чыгарганга тең болот, ага жүз сооп жазылып, жүз күнөөсү өчүрүлөт. Бул кеч киргенге чейин аны шайтандан коргоочу калкан болот. Ошондой эле андан көбүрөөк амал кылган адамдан башка эч ким андан жакшыраак нерсе алып келе албайт». (Мааниси: Жалгыз Аллахтан башка сыйынууга татыктуу Кудай жок. Анын шериги жок. Бүткүл бийлик жана мүлк Аныкы, бардык мактоолор Ага гана таандык жана Ал бардык нерсеге Кудуреттүү.)

«مَنْ قَالَ: لاَ إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ، وَحْدَهُ لاَ شَرِيكَ لَهُ، لَهُ المُلْكُ وَلَهُ الحَمْدُ، وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ، فِي يَوْمٍ مِائَةَ مَرَّةٍ، كَانَتْ لَهُ عَدْلَ عَشْرِ رِقَابٍ، وَكُتِبَتْ لَهُ مِائَةُ حَسَنَةٍ، وَمُحِيَتْ عَنْهُ مِائَةُ سَيِّئَةٍ، وَكَانَتْ لَهُ حِرْزًا مِنَ الشَّيْطَانِ يَوْمَهُ ذَلِكَ حَتَّى يُمْسِيَ، وَلَمْ يَأْتِ أَحَدٌ بِأَفْضَلَ مِمَّا جَاءَ بِهِ إِلَّا أَحَدٌ عَمِلَ أَكْثَرَ مِنْ ذَلِكَ».

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлагандай, кимде-ким минтип айтса: "(Сыйынууга татыктуу Кудай жок) жана акыйкатта сыйынууга татыктуу эч ким жок, (жалгыз Аллахтын Өзүнөн башка, Анын шериги жок) Анын кудайлыгында, раббилигинде, ысымдарында жана сыпаттарында. (Бардык бийлик жана мүлк Аныкы) жана бүтүндөй башкаруу менен тескөө Анын колунда, (бардык мактоолор Ага гана таандык) Ал жараткан жана өлчөп-белгилеген бардык нерселери үчүн. (Жана Ал бардык нерсеге Кудуреттүү), Ага эч ким тоскоолдук кылып, каршы тура албайт жана Ал каалабаган нерсе болбойт." Кимде-ким бул зикирди бир күндө жүз жолу кайталап айтса, Аллахтын алдында он кулду эркиндикке чыгаргандай сооп жазылат. Бул зикири үчүн ага жүз сооп жана Бейиште жүз даража берилет, ошондой эле анын жүз күнөөсү өчүрүлөт. Бул ага ошол күнү күн батып, кеч киргенге чейин шайтандан, анын азгырыгынан жана үстөмдүгүнөн сактоочу жана коргоочу чеп болот. Кыямат күнү андан көбүрөөк амал кылып, ага кошумчалаган адамдан башка эч ким ал алып келгенден артык нерсе алып келе албайт.

Хадистин пайдалары

Таухид келимесинин пазилети жана анын сообунун улуулугу.

Аллах Субханаху ва Тааланын пенделерине болгон пазилети кең, аларга ар бир адам үчүн жеңил болгон зикирди шарият кылып, ал үчүн улуу соопторду берет.

Эгерде ким бул тахлилди бир күндө жүз жолудан көбүрөөк айтса, ага хадисте баяндалган бул сооп алгачкы жүздүгү үчүн берилет, ал эми андан ашыкчасына башка сооп жазылат. Бул (зикир) – чектен ашууга, санынан көбөйтүүгө тыюу салынган, ошондой эле ашыкча айтууда эч кандай артыкчылыгы жок же аны жокко чыгарат деген чек коюлган зикирлерден эмес.

Ан-Навави мындай деген: Хадистин жалпы айтылышына караганда, бул хадисте айтылган мындай сооп бул тахлилди бир күндө жүз жолу катары менен дароо айткан адамга да, ар кандай отуруштарда бөлүп-бөлүп айткан адамга да, же кээ бирин күндүн башында, ал эми кээ бирин аягында айткан адамга да берилет. Бирок, күнү бою ага коргоо болушу үчүн, эң абзели аны күндүн башында катары менен дароо айтуу.

Булактар

Сахих ал-Бухари (4/ 126) (3293).

Сахих Муслим (4/ 2071) (2691).

Сахих ал-Бухари (4/ 126) (3293).

Сахих Муслим (4/ 2071) (2691).

Дагы (4)

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (5/ 300).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (42/ 136).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (5/ 300).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (42/ 136).