Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады, алар өздөрүнүн пайгамбарларынын кабырларын мечит кылып алышкан.
Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөдөн өткөн оорусунда (өлүм төшөгүндө жатканда) мындай деген:
«Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады, алар өздөрүнүн пайгамбарларынын кабырларын мечит кылып алышкан». Айша энебиз айтты: «Эгер ал (себеп) болбогондо, анын кабыры ачык жерге коюлмак. Бирок аны адамдар сыйына турган мечит кылып алууларынан коркушту».
«لَعَنَ اللهُ الْيَهُودَ وَالنَّصَارَى، اتَّخَذُوا قُبُورَ أَنْبِيَائِهِمْ مَسَاجِدَ» قَالَتْ: فَلَوْلَا ذَاكَ أُبْرِزَ قَبْرُهُ، غَيْرَ أَنَّهُ خُشِيَ أَنْ يُتَّخَذَ مَسْجِدًا.
Момундардын энеси Айша (Аллах андан ыраазы болсун) мындай деп кабарлайт: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) оорусу күчөп, бул дүйнөдөн өтөөрдөн алдын мындай деген: Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады жана аларды Өз ырайымынан алыстатты. Себеби, алар өздөрүнүн пайгамбарларынын кабырларын мечит кылып алышкан. Бул болсо мүрзөлөрдүн үстүнө курулуш куруу, алардын жанында же аларга карап намаз окуу аркылуу болот. Андан кийин Айша (Аллах андан ыраазы болсун) айтты: "Эгер Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ошол тыюусу жана эскертүүсү болбогондо. Ошондой эле сахабалардын Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабырына яхудийлер жана христиандар өздөрүнүн пайгамбарларынын кабырларына кылгандай, кылынышынан коркуусу болбогондо, анын кабыры ачык жерге коюлуп, ачык кылынмак."
Бул анын акыркы осуяттарынан болгондугу, анын өтө зарылдыгын жана ага өзгөчө көңүл буруу керектигин билдирет.
Кабырларды мечит кылып алуу жана алардын жанында жаназа намазынан башка намаз окууну максат кылуу арам жана ал нерсеге катуу тыюу салынган. Анткени, бул өлүктү улуктоого, анын кабырын айланууга, анын кабырын сыйпалоого жана анын атын атап чакырууга алып барат. Мунун баары ширк жана ширкке алып баруучу жолдордон болуп эсептелет.
Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул ишке катуу көңүл буруусу, анын таухидке (Аллахты жалгыздоого) болгон камкордугу жана кабырларды улуктоодон коркушу. Анткени бул ширкке алып барат.
Аллах Таала Пайгамбарын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын кабырынын алдында ширк кылынуусунан сактады. Ошондуктан сахабаларга жана алардан кийинкилерге анын кабырын ачык көрүнүп калуусунан сактоону илхам кылды.
Сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) осуятына амал кылышкан жана Аллахты жалгыздап, Ага гана сыйынууга өтө кызыктар болушкан.
Яхудийлерге жана христиандарга окшошууга тыюу салынган. Кабырларга курулуш куруу алардын жолдорунан (адаттарынан).
Мечит курулбаса да, кабырларды намаз окуучу жай кылып алууга жана кабырда намаз окууга тыюу салынган.
Сахих ал-Бухари (2/ 102) (1390).
Сахих Муслим (1/ 376) (529).
Дагы (6)
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
لعبد الله البسام (ص292).
تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.
لابن عثيمين (2/ 376).
الإلمام بشرح عمدة الأحكام.
لإسماعيل الأنصاري (1/ 236).
Китептерде келтирилген
3 КитептерДагы (3)
- حراسة التوحيددفن الموتى في المساجد«لَعَنَ اللَّهُ الْيَهُودَ وَالنَّصَارَى، اتَّخَذُوا قُبُورَ أَنْبِيَائِهِمْ مَسَاجِدَ»،
- كتاب التوحيدكتاب التوحيد للشيخ محمد بن عبد الوهاب((لَعَنَ اللهُ الْيَهُودَ وَالنَّصَارَى، اتَّخَذُوا قُبُورَ أَنْبِيَائِهِمْ مَسَاجِدَ))
- نبراس طالب (4)1«لَعَنَ اللهُ الْيَهُودَ وَالنَّصَارَى، اتَّخَذُوا قُبُورَ أَنْبِيَائِهِمْ مَسَاجِدَ»