"Улоодо бара жаткан адам, жөө бара жаткан адамга, жөө бара жаткан адам, отурган адамга, аз сандагы адам, көп сандагы адамга салам айтат"
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Улоодо бара жаткан адам, жөө бара жаткан адамга, жөө бара жаткан адам, отурган адамга, аз сандагы адам, көп сандагы адамга салам айтат" . Бухарийде: "Жашы кичүү адам, жашы улууга, өтүп бара жаткан адам, отурган адамга, аз сандагы адам, көп сандагы адамга салам айтат" деп келген.
«يُسَلِّمُ الرَّاكِبُ عَلَى المَاشِي، وَالمَاشِي عَلَى القَاعِدِ، وَالقَلِيلُ عَلَى الكَثِيرِ». وَلِلبُخَارِي: «يُسَلِّمُ الصَّغِيرُ عَلَى الكَبِيرِ، وَالمَارُّ عَلَى القَاعِدِ، وَالقَلِيلُ عَلَى الكَثِيرِ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдар арасында минтип салам берүүнүн адебин көрсөткөн: "Ассалааму алайкум ва рахматуллоохи ва баракатуху". Жашы кичине жаш улууга, улоодогу жөөгө, басып бараткан отурганга, саны аз саны көпкө салам айтат.
Хадисте келгендей салам айтуу жакшы, а эгер жөө бараткан адам улоодогу адамга салам айтса, же жогоруда айтылгандардын кайсы бири тескерисинче болуп калса, эч нерсе эмес. Бирок жакшы жана абзел болгонго каршы келет.
Хадисте айтылгандай тартипте салам айтып жайылтуу жакшы көрүүгө жана мээримдүүлүккө себеп болот.
Эгер жогоруда айтылгандар салам берүүдө бирдей болуп калса, анда озунуп салам айтканы алардын жакшысы болуп эсептелет.
Адам баласы эмнеге муктаж болсо, анын баарын баяндаган (Ислам) шарияты кемчиликсиз, толук.
Ар бир адамга өз акысын берүүнү жана саламдашуунун адебин үйрөтөт.
Сахих ал-Бухари (8/ 52) (6232).
Сахих Муслим (4/ 1703) (2160).
Дагы (11)
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (11/ 280).
بهجة الناظرين.
تأليف: سليم الهلالي (2/ 137).
نزهة المتقين.
مجموعة من الباحثين (1/ 666).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (4/ 407).
منار القاري.
لحمزة قاسم (5/ 257).
الأدب النبوي (ص159).
Китептерде келтирилген
4 КитептерДагы (4)
- الحقيقة المُبْهِرَة في العلاقة بين الإسلام والإنسان(يسلم الصغير على الكبير، والمار على القاعد، والقليل على الكثير)[224].
- رياض الصالحينرياض الصالحين مع فوائد وهدايات - 5«يُسَلِّمُ الرَّاكبُ عَلَىٰ المَاشي، والمَاشي عَلَىٰ القَاعد، والقليلُ عَلَىٰ الكَثير».
- ما لا يسع أطفال المسلمين جهله«يُسَلِّمُ الرَّاكِبُ عَلَى المَاشِي، وَالمَاشِي عَلَى القَاعِدِ، وَالقَلِيلُ عَلَى الكَثِيرِ»[153].
- نبراس طالب (2)نبراس طالب (2) «يُسَلِّمُ الرَّاكِبُ عَلَى الْمَاشِي، وَالْمَاشِي عَلَى الْقَاعِدِ، وَالْقَلِيلُ عَلَى الْكَثِيرِ»