Skip to content

«Чектен ашкандар кыйроого учурады» - деп үч жолу айтты.

Абдуллах ибн Масьуд (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси(ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун):

«Чектен ашкандар кыйроого учурады» - деп үч жолу айтты.

«هلك المُتَنَطِّعُون» قالها ثلاثًا.

Муслим жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөдө жана динде, ошондой эле сөздөрүндө жана иштеринде илимсиздик менен Пайгамбар алып келген шарияттын чегинен чыгып, чектен ашкандардын зыянга учураарын кабар берип жатат.

Сөздөрдүн маанилери

....:

Хадистин пайдалары

Бардык иште аша чаап кетүүдөн тыюу салынат жана бардык иште аша чаап кетүүдөн алыс болууга кызыктыруу керек. Өзгөчө ибадатта жана салих адамдарды ашыра улуктоого тыюу салынган.

Ибадатты толук түрдө аткаруу макталган жакшы иш, бирок шарият көрсөткөн жол менен болуусу зарыл.

Маанилүү жана өтө зарыл иштерди Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үч жолу кайталап эскерткендей бекемдеп эскертүү мустахаб.

Ислам дини оңой жана жеңил.

Булактар

Сахих Муслим (4/ 2055) (2670).

Дагы (4)

الجديد في شرح كتاب التوحيد.

للقرعاوي (ص180).

الملخص في شرح كتاب التوحيد.

لصالح الفوزان (ص167).