Аллах Таала Кыямат күнү абалкыларды жана акыркыларды чогултканда, ар бир кыянатчы үчүн туу көтөрүлүп: Бул – баланчанын уулу баланчанын кыянаты, - деп айтылат.
- التصنيف الشرعي
- الفضائل والآدابفقه الأخلاقالأخلاق الذميمة
Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынтип айткан:
"Кыямат күнү Аллах Таала абалкыларды жана акыркыларды чогултканда, ар бир кыянатчы үчүн туу көтөрүлүп: Бул – баланчанын уулу баланчанын кыянаты, - деп айтылат."
«إِذَا جَمَعَ اللهُ الْأَوَّلِينَ وَالْآخِرِينَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ يُرْفَعُ لِكُلِّ غَادِرٍ لِوَاءٌ، فَقِيلَ: هَذِهِ غَدْرَةُ فُلَانِ بْنِ فُلَانٍ».
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп кабар берет: Аллах Таала Кыямат күнү сурак берүү үчүн абалкылар менен акыркыларды чогултканда, Аллахка же адамдарга берген убадасын аткарбаган ар бир кыянатчыга анын кыянаттыгын ашкере кыла турган белги орнотот жана ал күнү ага мындай деп жар салынат: Бул баланчанын уулу баланчанын кыянаты. Махшар элинин алдында анын жаман ишин жарыя кылуу үчүн.
Кыянаттык кылуу арам жана ал чоң күнөөлөрдөн болуп саналат. Анткени анда катуу азап убада кылынган.
Азап убада кылынган кыянаттыкка сага канын, ар-намысын, сырын же мал-мүлкүн аманат кылган ар бир адамга кыянат кылуу жана анын сенин аманаткөйлүгүңө болгон ишенимин актабоо кирет.
Имам Куртубий мынтип айткан: "Бул арабтардын адатта жасаган иштерине жараша аларга карата айтылган кайрылуу. Анткени, алар убадасына бекем тургандар үчүн ак желек, ал эми кыянаттык кылгандар үчүн кара желек көтөрүшүп, аны менен кыянатчыны айыптап, жаманатты кылышкан. Бул хадис кыянаттык кылган адамдын абалы да дал ушундай болорун билдирет. Ошентип, ал Кыямат күнү өзүнүн ушул сыпаты менен таанымал болуп, майдандагы адамдар аны айыпташат."
Ибн Хажар айтты: "Бул хадисте Кыямат күнү адамдар аталарынын аты менен чакырылары айтылат, анткени анда: Бул баланчанын уулу баланчанын кыянаттыгы, – деп айтылган."
Сахих ал-Бухари (4/ 104) (3188).
Сахих Муслим (3/ 1359) (1735).
Дагы (9)
Сахих ал-Бухари (4/ 104) (3188) صحيح مسلم (3/ 1359) (1735).
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
للبسام (ص745).
الإلمام بشرح عمدة الأحكام.
لإسماعيل الأنصاري (2/ 188).
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
للبسام (ص745).
الإلمام بشرح عمدة الأحكام.
لإسماعيل الأنصاري (2/ 188).
Китептерде келтирилген
2 КитептерДагы (2)
- قاموس الكبائرموسوعة الكبائر - المجموعة الثالثة«إِذَا جَمَعَ اللَّهُ الأَوَّلِينَ وَالآخِرِينَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ، يُرْفَعُ لِكُلِّ غَادِرٍ لِوَاءٌ، فَقِيلَ: هَذِهِ غَدْرَةُ فُلَانِ بْنِ فُلَانٍ» [114].
- مباحث في أصول الدين1وقال النبيّ صلى الله عليه وسلم: «إذا جمع الله الأوّلين والآخرين يوم القيامة يرفع لكلّ غادرٍ لواءٌ، فقيل: هذه غدرة فلان بن فلانٍ».