Skip to content

"Силердин жакшыңар - Куранды үйрөнүп жана аны үйрөткөндөр".

Усман (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

"Силердин жакшыңар - Куранды үйрөнүп жана аны үйрөткөндөр".

«خَيْرُكُمْ مَنْ تَعَلَّمَ الْقُرْآنَ وَعَلَّمَهُ».

Бухари жазып калтырган.
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мусулмандардын абзели, Аллахтын алдында даражасы бийиги - Куранды окуганды, жаттаганды, кыраат кылганды, түшүнгөндү, чечмелегенди үйрөнүп, анан өзү билген Куран илимин башка бирөөлөргө үйрөтүп, өзү да аны иш жүзүндө аткарып амал кылганы деп баяндаган.

Хадистин пайдалары

Куран шарапаттуулугу жана сөздөрдүн эң жакшысы экендиги айтылган, анткени ал Аллахтын сөзү.

Таалим алуучулардын эң жакшысы - алган илими өзүндө гана чектелип калбай башкаларга да үйрөткөн адамдар.

Куранды үйрөнүү жана үйрөтүү - аны окууну, маанисин түшүнүүнү жана өкүмдөрүнө амал кылууну камтыйт.

Булактар

Сахих ал-Бухари (6/ 192) (5027).

Дагы (8)

فتح الباري شرح صحيح البخاري.

لابن حجر العسقلاني (1/ 374).

بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.

لسليم الهلالي (2/ 226).

نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.

لمصطفى الخن وغيره (1/ 740).

شرح رياض الصالحين.

لابن عثيمين (4/ 638).