Skip to content

Китебиңерде силер окуган бир аят бар, эгер ал бизге, жөөттөргө түшүрүлгөндө, биз ошол күндү майрам кылып алмакпыз.

Умар ибн Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) айтат:

Жөөттөрдөн бир адам ага мындай деди: «Эй, момундардын амири! Силер китебиңерде бир аят окуйсуңар, эгер ал бизге – жөөттөр жамаатына түшкөндө, биз ал күндү майрам кылып алмакпыз». Ал: «Ал кайсы аят?» – деп сурады. Тигил: «Бүгүн Мен силердин диниңерди толуктадым, силерге болгон нээматымды аягына чыгардым жана силер үчүн Исламдын дин болуусуна ыраазы болдум" [Маида: 3]», – деди. Ошондо Умар мындай деди: «Чынында, биз ал күндү жана анын Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшкөн жерин дабилебиз. Ал жума күнү, Арафатта турганда түшкөн».

أَنَّ رَجُلًا مِنَ اليَهُودِ قَالَ لَهُ: يَا أَمِيرَ المُؤْمِنِينَ، آيَةٌ فِي كِتَابِكُمْ تَقْرَؤُونَهَا، لَوْ عَلَيْنَا مَعْشَرَ اليَهُودِ نَزَلَتْ لاَتَّخَذْنَا ذَلِكَ اليَوْمَ عِيدًا، قَالَ: أَيُّ آيَةٍ؟ قَالَ: {اليَوْمَ أَكْمَلْتُ لَكُمْ دِينَكُمْ وَأَتْمَمْتُ عَلَيْكُمْ نِعْمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ الإِسْلاَمَ دِينًا} [المائدة: 3] قَالَ عُمَرُ: قَدْ عَرَفْنَا ذَلِكَ اليَوْمَ، وَالمَكَانَ الَّذِي نَزَلَتْ فِيهِ عَلَى النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ، وَهُوَ قَائِمٌ بِعَرَفَةَ يَوْمَ جُمُعَةٍ.

Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Сахих (ишенимдүү)
Чечмелөө

Жөөттөрдүн бири момундардын амири Умарга (ага Аллах ыраазы болсун) келип мындай деди: Силер китебиңер Куранда окуп жүргөн бир аят бар, эгер ал бизге – жөөттөр жамаатына – китебибиз Тооротко түшкөндө, бул улук аяттын түшүү нээматына шүгүр кылып, биз ошол күндү майрам санап белгилемекпиз. Умар (ага Аллах ыраазы болсун) андан: Ал кайсы аят? – деп сурады. Ал айтты: «Бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылдым, силерге нээматымды толуктап бердим жана Исламдын дин болушуна ыраазы болдум». Ошондо Умар (ага Аллах ыраазы болсун) мындай деди: Биз ал күндү жана бул улуу аят түшкөн жерди да билебиз. Ал майрам күнү, жума күнү Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Арафатта турган кезде түшкөн. Бул экөө тең мусулмандар үчүн улуу күндөр.

Хадистин пайдалары

Умардын (ага Аллах ыраазы болсун) аяттын түшкөн жерине жана убактысына көңүл бургандыгынын баяны.

Бул аятта Аллах Тааланын бул үммөт үчүн динин толуктап, аларга болгон нээматын толук кылуу менен берген жакшылыгы баяндалган. Ошондуктан, бул дин ишинде эч кандай кошумчага муктаж эмес. Демек, Аллах Таала аны толуктагандан кийин пайда болгон жана динден эч кандай далили болбогон нерселердин баарды адашуучулук, бидаат болуп эсептелет. Бул тууралууПайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ишенимдүү хадис риваят кылынган, ал минтип айткан: "Ким биздин бул ишибизде ()динибизде) андан болбогон нерсени ойлоп тапса, анысы четке кагылат".

Бул хадистен майрамдар бизден мурунку китеп ээлери кылгандай жеке пикир жана ойлоп табуу менен болбой тургандыгын, тескерисинче, шарият жана ага ээрчүү менен гана болорун түшүнүүгө болот. Диндин толукталышын жана нээматтын толук болушун камтыган бул аятты Аллах Таала ушул үммөткө эки тараптан майрам катары шарият кылып берген күндө түшүргөн: Биринчиси: аптанын майрам күнү болгон жума күнү. Экинчиси: ажылык мезгилиндеги адамдардын майрам күнү, башкача айтканда, алардын эң чоң жыйыны жана эң улуу тура турган (Арафа) күнү.

Ас-Саади бул аяттын тафсиринде мындай деген: «Бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылдым» – жеңишти толуктоо, көрүнөө жана көмүскө шарият өкүмдөрүн, анын негиздерин жана тармактарын толук кылуу. Ошондуктан, Китеп жана Сүннөт диндин өкүмдөрүндө, анын негиздеринде жана тармактарында толугу менен жетиштүү. Демек, адамдар өздөрүнүн акыйдаларын жана өкүмдөрүн билүүдө Китеп жана Сүннөт илиминен башка, калам илими жана ушул сыяктуу башка илимдерге муктаж деп доомат кылган ар бир чектен чыгуучу – наадан жана өз дооматында жалганчы. Ал дин өзү айткан жана чакырган нерселер менен гана толук болот деп доомат кылган болот. Бул болсо Аллахка жана Анын элчисине карата жасалган эң чоң зулумдук жана аларды наадандыкка чыгаруу болуп саналат. «...силерге нээматымды толуктап бердим» — көрүнөө жана көмүскө (нээматтарды). «...жана Исламдын дин болушуна ыраазы болдум» — башкача айтканда: Мен силерди ал үчүн тандагандай эле, аны да силер үчүн дин катары тандадым. Ошондуктан Раббиңерге шүгүр кылуу менен аны бекем кармангыла жана силерге эң абзел, эң улук жана эң толук динди нээмат кылып берген Затка алкыш-мактоолорду айткыла.

Булактар

Сахих ал-Бухари (1/ 18) (45).

Сахих ал-Бухари (1/ 18) (45).

Дагы (4)

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (1/ 132).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (45/ 372).

إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (1/ 132).

البحر المحيط الثجاج في شرح صحيح الإمام مسلم بن الحجاج (45/ 372).