"Кимде-ким боорукерликтен куру калса, бардык жакшылыктан куру калыптыр".
Жарир (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
"Кимде-ким боорукерликтен куру калса, бардык жакшылыктан куру калыптыр".
«مَنْ يُحْرَمِ الرِّفْقَ يُحْرَمِ الْخَيْرَ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтат: боорукерликтен куру калган адамдын дүйнө ишинде да, акырет ишинде да, өзүнө кылган ишинде да, өзгөлөргө кылган ишинде да ийгилик болбойт. Ал бардык жакшылыктан тыйылып калат.
Боорукер болуу артыкчылыктуу мүнөз, кулк-мүнөздү ошого калыптандыруу керек. Ал эми оройлук, таш боордук жаман мүнөз.
Боорукердик, ак көңүлдүк дүйнө жана акыреттин жакшылыгын камсыз кылат. Ал эми оройлук, таш боордук мунун тескерисине алып барат.
Боорукердик - жакшы мүнөздүн жана саламатчылыктын жыйынтыгы. Таш боордук - ачуунун жана оройлуктун жыйынтыгы. Ошон үчүн пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) боорукердикти мактаган.
Суфян Саври (ага Аллах ырайым кылсын) жолдошторуна кайрылып мындай дейт: Боорукердик деген эмне экенин билесиңерби? Ал - ар бир нерсени өз ордуна коюу. Катуулукту да өз ордуна коюу. Жумшактыкты да өз ордуна коюу. Кылычты да өз ордуна коюу. Таякты да өз ордуна коюу.
Сахих Муслим (4/ 2003) (2592).
Дагы (12)
نزهة المتقين شرح رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (1/ 532).
تطريز رياض الصالحين.
لفيصل آل مبارك (ص416).
شرح رياض الصالحين.
لابن عثيمين (3/ 592).
كنوز رياض الصالحين.
لمجموعة من الباحثين (9/ 152).
بهجة الناظرين شرح رياض الصالحين.
لسليم الهلالي (1/ 687).
فيض القدير شرح الجامع الصغير.
للمناوي (6/ 241).