Улуу жана Кудуреттүү Аллах айтты: Адам баласы заманды (убакытты) сөгүп, Мага ыза жеткирет. А чынында, заман – Менмин, бардык иш Менин колумда, түн менен күндү Мен алмаштырып турам.
Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:
«Улуу жана Кудуреттүү Аллах айтты: Адам баласы заманды (убакытты) сөгүп, Мага ыза жеткирет. А чынында, заман – Менмин, бардык иш Менин колумда, түн менен күндү Мен алмаштырып турам».
«قَالَ اللَّهُ عَزَّ وَجَلَّ: يُؤْذِينِي ابْنُ آدَمَ يَسُبُّ الدَّهْرَ وَأَنَا الدَّهْرُ، بِيَدِي الأَمْرُ أُقَلِّبُ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ».
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) хадис кудсийде Аллах Тааланын мындай дегенин кабарлайт: «Кырсыктар жана кыйынчылыктар болгон учурда заманды сөккөн жана жамандаган адам Мага ыза берет жана Мени кемсинтет. Анткени болуп жаткан нерселердин Жалгыз башкаруучусу жана тескөөчүсү – Ал Өзү. Ошондуктан заманды сөгүү – бул Аллах Тааланы сөгүү болуп саналат. Ал эми заман болсо – бул жөн гана баш ийдирилген бир макулук, анда окуялар Аллах Тааланын буйругу менен гана болот».
Бул хадис Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисинен риваят кылган хадистерден. Мындай хадистер хадис кудсий же илахий хадис деп аталат. Анын сөзү жана мааниси Аллахтан, бирок хадис кудсий Курандын башкалардан айырмаланып турган өзгөчөлүктөрүнө ээ эмес. Мисалы, Куранды окуу ибадат экендиги, аны даарат менен кармоо, андайды эч ким жаза албастыгы жана анын мужизалыгы ж.б.
Сөздө жана ишенимде Аллах Таала менен болгон адептүүлүктү кармануу.
Тагдырга ыйман келтирүү жана кыйынчылыктарга сабыр кылуу важиб.
Ыза зыяндан башка нерсе; себеби адам жаман нерсени угуу же көрүү менен ыза чегет, бирок андан зыян тартпайт. Ошондой эле пияз жана сарымсак сыяктуу жагымсыз жыттардан да ыза чегет, бирок андан зыян тартпайт.
Аллах Таалага пенделеринин кээ бир жаман иштери ыза берет, бирок Улук жана Кудуреттүү Аллах андан эч кандай зыян тартпайт. Аллах Таала хадис кудсийде мындай деп айткандай: «Оо, пенделерим! Силер Мага зыян бергидей, зыян жеткире албайсыңар жана Силер Мага пайда бергидей, пайда да жеткире албайсыңар».
Заманды сөгүү жана аны сыпаттоо үч бөлүккө бөлүнөт: 1- Заманды иш-аракетти кылуучу, ошондой эле иштерди жакшылыкка жана жамандыкка өзгөртүүчү замандын өзү деп ишенип сөгүү! Бул чоң ширк болот. Анткени ал Аллах менен бирге жаратуучу бар деп ишенди, жана окуяларды жаратууну Аллахтан башкага таандык кылды. 2- Заманды ал иш-аракетти кылуучу деген ишенимде эмес, тескерисинче, ал Аллахты иш-аракетти кылуучу деп ишенет, бирок заманды өзүнө жакпаган иштин орун алган мезгили болгону үчүн сөгөт. Бул – арам. 3- Айыптоону максат кылбастан, жөн гана кабар берүүнү максат кылуу. Буга уруксат берилет, буга Луттун (алейхи салам): «Бул – оор күн болот го!» деген сөзү далил болот.
Сахих ал-Бухари (6/ 133) (4826).
Сахих Муслим (4/ 1762) (2246).
Дагы (2)
النهاية في غريب الحديث والأثر (317).
إرشاد الساري لشرح صحيح البخاري (7/ 338).