Силердин түшүңөрдүн акыркы жети түнгө дал келгенин көрүп турам. Ким аны издей турган болсо, акыркы жети түндөн издесин.
Ибн Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) айтат:
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан кээ бир адамдар түшүндө Кадыр түндүн акыркы жети түндө болорун көрүштү. Анан Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Силердин түшүңөрдүн акыркы жети түнгө дал келгенин көрүп турам. Ким аны издей турган болсо, акыркы жети түндөн издесин»,– деп айтты.
أَنَّ رِجَالًا مِنْ أَصْحَابِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ أُرُوا لَيْلَةَ القَدْرِ فِي المَنَامِ فِي السَّبْعِ الأَوَاخِرِ، فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «أَرَى رُؤْيَاكُمْ قَدْ تَوَاطَأَتْ فِي السَّبْعِ الأَوَاخِرِ، فَمَنْ كَانَ مُتَحَرِّيهَا فَلْيَتَحَرَّهَا فِي السَّبْعِ الأَوَاخِرِ».
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан бир нече киши түшүндө кадыр кечеси Рамазан айынын акыркы жети түнүндө болорун көрүшкөн. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан: Силердин түшүңөрдүн Рамазан айынын акыркы жети күнүнө туура келгенин көрүп турам. Кимде-ким аны максат кылып, табууга умтулса, анда жакшы амалдарды көбөйтүү менен аны издөөгө жана табууга аракет кылсын. Анткени анын акыркы жети түндө болуусу көбүрөөк үмүт кылынат. Эгерде Рамазан айы отуз күн болсо, ал жыйырма төртүнчү түндөн башталат. Ал эми ай жыйырма тогуз күн болсо, жыйырма үчүнчү түндөн башталат.
Кадыр түндүн пазилети жана аны издөөгө үндөө.
Адамдар ал түндү издеп ибадат кылууда аракет кылуусу жана сооптору көбөйүүсү үчүн бул түндү сыр кылып койгону – Аллах Тааланын даанышмандыгынан жана ырайымдуулугунан.
Кадыр кечеси Рамазан айынын акыркы он күнүндө, ал эми анын акыркы жети күнүндө болуусу көбүрөөк үмүт кылынат.
Кадыр кечеси — Рамазандын акыркы он түнүнүн бири. Бул түн — Аллах Таала Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Куранды түшүргөн түн. Аллах Өзүнүн берекеси, улуулугу, ошондой эле андагы сооптуу амалдардын кабыл болушу жагынан бул түндү миң айдан да жакшы кылды.
Кадыр кечеси (мында «дал» тамгасы сукун менен окулат) эки себептен улам ушундай аталган: Биринчиси — кадыр-барк, улуулук маанисинде. Мисалы, арабдарда: «Тигил кишинин кадыр-баркы улуу»,— деп айтылат. Бул жерде «түн» сөзүнүн «кадыр» сөзүнө айкалышып келиши — нерсенин өз сыпатына карата айтылышынан, башкача айтканда, «Кадыр-барктуу, улуу түн» дегенди билдирет. Бул анын улуулугу, кадыры, мартабасы жана даражасы жагынан өзгөчө экенин түшүндүрөт. Бул тууралуу Аллах Таала: «Чындыгында, Биз аны (Куранды) берекелүү түндө түшүрдүк»,— деп айткан (Духан сүрөсү, 3-аят). Экинчиси — тагдыр, өлчөм маанисинде. Мында түн сөзүнүн бул сөзгө айкалышуусу убакыттын өз ичине камтыган окуясына карата айтылышынан болот. Башкача айтканда, бул түн — алдыдагы бир жыл ичинде боло турган иштердин тагдыры (өлчөмү) белгиленүүчү түн. Бул тууралуу Аллах Таала: «Ал түндө ар бир даанышмандыкка негизделген иштер (өкүмдөр) ажыратылып, белгиленет»,— деп айткан (Духан сүрөсү, 4-аят).
Сахих ал-Бухари (3/ 46) (2015).
Сахих Муслим (2/ 822) (1165).
Дагы (4)
تنبيه الأفهام شرح عمدة الأحكام.
لابن عثيمين (3/ 467).
تيسير العلام شرح عمدة الأحكام.
لعبد الله البسام (ص347).