7 : 90
وَقَالَ ٱلۡمَلَأُ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن قَوۡمِهِۦ لَئِنِ ٱتَّبَعۡتُمۡ شُعَيۡبًا إِنَّكُمۡ إِذٗا لَّخَٰسِرُونَ
Шуайбдын коомундагы каапыр адамдар (байлар, уруу башчылары) айтышты: “Эгерде силер Шуайбды ээрчисеңер, анда анык зыян көрүүчүлөрдөн болуп каласыңар!”
Explanation & meanings · 1
- Өкүмзор (зомбу-зордукчул) адамдардын пикиринде ким алардан башкача ойлонсо “зыян тартуучу” болушат. Бирок, өздөрү жөнүндө ойлонушпайт. Качан баштарына чыныгы зыян – Аллахтын балээси келгенде гана көздөрү ачылат.