7 : 101
تِلۡكَ ٱلۡقُرَىٰ نَقُصُّ عَلَيۡكَ مِنۡ أَنۢبَآئِهَاۚ وَلَقَدۡ جَآءَتۡهُمۡ رُسُلُهُم بِٱلۡبَيِّنَٰتِ فَمَا كَانُواْ لِيُؤۡمِنُواْ بِمَا كَذَّبُواْ مِن قَبۡلُۚ كَذَٰلِكَ يَطۡبَعُ ٱللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِ ٱلۡكَٰفِرِينَ
(О, Мухаммад!) Биз сага ушул айылдардын окуя-тарыхын айтып жатабыз: аларга пайгамбарлары (анык-тунук) далилдерди алып келишсе да, мындан мурун жалганга чыгарышканы себептүү ыйман келтирбей коюшту. Аллах каапырлардын жүрөктөрүнө ушинтип мөөр басып коёт.
Explanation & meanings · 1
- Пайгамбарлар каапырларга кээ бир учурда эч кимдин колунан келбеген моожиза-керемет көргөзсө да ыйманга келишпейт. Мунун себеби, алар өздөрүнө ыйман биринчи ирет сунушталганда кабыл албай койгондуктан, Аллах алардын жүрөгүнө мөөр басып койгон эле.