49 : 16
قُلۡ أَتُعَلِّمُونَ ٱللَّهَ بِدِينِكُمۡ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ وَٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٞ
(Оо, Мухаммад, акылысыз адамдарга) айткын: «Аллахка диниңерди билдирип койоюн дедиңерби? Аллах асмандардагы жана жердеги (бардык) нерселерди (ошонун арасында силердин жүрөгүңөрдөгү ой-максаттарыңарды да) билет. Жана Аллах - бардык нерселерди Билүүчү».