4 : 76
ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ يُقَٰتِلُونَ فِي سَبِيلِ ٱللَّهِۖ وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يُقَٰتِلُونَ فِي سَبِيلِ ٱلطَّٰغُوتِ فَقَٰتِلُوٓاْ أَوۡلِيَآءَ ٱلشَّيۡطَٰنِۖ إِنَّ كَيۡدَ ٱلشَّيۡطَٰنِ كَانَ ضَعِيفًا
Ыймандуу адамдар Аллахтын жолунда согушат. Каапыр адамдар тагуттун (шайтандын) жолунда согушат. Силер (о, момундар) шайтандын тарапкерлерине каршы согушкула. (Жана билгиле) шайтандын айласы (дайыма) алсыз.
Explanation & meanings · 1
- Шайтандын тарапкерлери чындыкка каршы күрөшүшөт. Чындыкка каршы күчтөр, пландар, айлакерликтер канчалык зор болсо да алсыз.