4 : 154
وَرَفَعۡنَا فَوۡقَهُمُ ٱلطُّورَ بِمِيثَٰقِهِمۡ وَقُلۡنَا لَهُمُ ٱدۡخُلُواْ ٱلۡبَابَ سُجَّدٗا وَقُلۡنَا لَهُمۡ لَا تَعۡدُواْ فِي ٱلسَّبۡتِ وَأَخَذۡنَا مِنۡهُم مِّيثَٰقًا غَلِيظٗا
Биз алардын ант-убадасын алуу үчүн баштарына Тур тоосун көтөрдүк. Жана аларга: “Бул (шаар) дарбазасынан баш ийип киргиле” дедик. Жана “Алтынчы күндө чектен чыкпагыла” - деп, алардан катуу ант-убада алдык.
Explanation & meanings · 1
- Адашкан Кадияния, Ахмадия (Лахория) жамааттары жана алардын Мирзо Гулам Ахмад, Нуруддин, Мухаммад Али сыяктуу жетекчилери Курани Карим аяттарын бурмалап тафсир жазышкан. Ошол тафсирлеринде «Алардын үстүнө Тур тоосун көтөрдүк» деген аятты бурмалашып, «Аллах Тур тоосун көтөргөн эмес, яхудийлер Тур тоосунун этегинде жашаганы үчүн гана Аллах таала ушундай деген» дешет.