Skip to content
النِّسَاء /

Аят 109

4 : 109

Аят 109 of النِّسَاء (4 : 109). This page carries the verse in the Uthmani script with a translation of its meaning, at a stable URL that can be cited on its own.

النِّسَاء Аяттар 176
4 : 109

هَٰٓأَنتُمۡ هَٰٓؤُلَآءِ جَٰدَلۡتُمۡ عَنۡهُمۡ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا فَمَن يُجَٰدِلُ ٱللَّهَ عَنۡهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ أَم مَّن يَكُونُ عَلَيۡهِمۡ وَكِيلٗا

О, силер (кыянатчыларды колдогондор!) Бул дүйнө жашоосунда го, аларды актап талаштыңар. Ал эми, Кыямат Күнү аларды актап Аллах менен ким талаша алат?! Же болбосо, ким аларга таяныч боло алат?!

Explanation & meanings · 1
  1. Эч ким! Анткени, Кыяматта аларга каршы өздөрүнүн дене мүчөлөрү да күбөлүккө өтөт. Аллахтын периштелери жазып алган бардык кылмыштары ийне-жибине чейин ачылып турса ким аларды актай алмак эле?! Ошондуктан, пенде бул дүйнөдө азгыруучу напсинин жетегине жүрүп, күнөөгө батпасын! Напсиси аны бир күнөөгө баштаса “Эй, напсим! Өзүңдү токтот! Бул күнөөнүн ырахат-жыргалы тез эле өтүп кетет. Артынан кайгы-касыреттер, күнөөлөр, Кыяматтагы жазалар калат!» - десин.