37 : 62
أَذَٰلِكَ خَيۡرٞ نُّزُلًا أَمۡ شَجَرَةُ ٱلزَّقُّومِ
(Оо, адамдар!) ушул (бейиштеги жашоо) жакшыбы же Заккум дарагы жакшыбы?
Explanation & meanings · 1
- Бул дарак тикенектүү жана уудан да ачуу! Тозоктогулар курсагы ачканда, ошол дарактан башка тамак таба албайт жана ачуусуна карабай тоюп-тоюп жеп алышат. Анан ичи, оозу күйүп, аябай суусап кыйналышат. Суу жок эмес, бар. Бирок, ал кайнак суу!