Skip to content
العَنكبُوت /

Аят 53

29 : 53
العَنكبُوت Аяттар 69
29 : 53

وَيَسۡتَعۡجِلُونَكَ بِٱلۡعَذَابِ وَلَوۡلَآ أَجَلٞ مُّسَمّٗى لَّجَآءَهُمُ ٱلۡعَذَابُۚ وَلَيَأۡتِيَنَّهُم بَغۡتَةٗ وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ

«Азабыңды алып кел» деп сени шаштырып жатышат. Эгер белгиленген мөөнөт болбогондо, аларга азап тез эле келмек. Жана аларга азап капысынан, (эч нерсени) сезбей турган учурда келип калат!

Explanation & meanings · 2
  1. Жалган кудайларга ыйман келтирип, аларды Беймуктаж Аллахка шерик, теңдеш, ортомчу кылып, ошолорго дуба, ибадат кылып жаткандарга Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам: «Мунуңарды койгула! Эгер ушинте берсеңер Аллахтын азабы ушул эле дүйнөдө башыңарга түшүп калышы мүмкүн!» деп эскерткенде ушинтип шаштырышкан.
  2. Акыры, ошол Аллах белгилеген мөөнөт да келди: «Бадр» согушу, мушриктер үчүн күтүлбөгөн зор азап болду. Андан жабыр тартпаган каапыр үй-бүлөлөр аз эле калды.